www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын шаарындагы англис тилин үйрөнүү курсунун жетекчиси, 60 жаштагы Т.А. өз жанын кыйды. Бул тууралуу аймактык милиция билдирди.

Анын бүгүн асынып алганы маалымдалат.

Инстаграмда бир нече күн мурда атайын баракча ачылып, анда англис тил курсуна барган өспүрүмдөр сексуалдык ыдыкка, айрым жаш мугалимдер зордуктоого кабылганын айтып чыгышкан. Кыздар агай окуучуларга арак ичирип, коркутуу жолу менен ыплас аракеттерди жасап келгенин жарыялашкан.

Баракча аркылуу укук коргоо органдарына арыз жөнөтүү демилгеси дагы көтөрүлгөн.

Нарын облустук ички иштер башкармалыгы окуучулардын айткан маалыматтары териштирилип жатканын кабарлаган.

Т.А. Нарында окуу курсун ачканга  чейин Бишкекте университетте сабак берип келген.

Булак:NazarNews.kg 

Последние новости