www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук банктын алтын куймалары бир топ кымбаттады.

2015-жылы башкы банк алтын куймаларды инвестиция салуу же аманатка сактоо үчүн сатып баштаган. Жалпы жонунан алтын куймалардын бирден жүз грамга чейин алты түрү бар.

Алтындын наркы Лондондогу баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын баасынан көз каранды (дүйнөлүк баа).

Учурда куймалардын баасы төмөндөгүдөй:

100 грамм - 716 958,5 сом;

унция (31,1 грамм) - 223 000,5 сом (5 052);

10 грамм - 71 722 сом;

беш грамм - 36 353;

эки грамм - 15 324;

бир граммы - 8311,5 сом.

Белгилей кетсек, 10, 31 жана 100 граммдык куймалардын баасы рекорд коду, ал эми беш граммдык куймалардын баасы мурунку максимумдан (2022-жылы мартта 31,6 миң сом) ашты.

Алтындын дүйнөлүк баасы

Акыркы күндөрү Лондондун баалуу металлдар рыногунун ассоциациясынын баасы тездик менен өсүүдө.

Маселен, 27-мартта бир унциянын баасы 2,2 миң доллардан (2192) төмөн болсо, эртеси бул чектен ашты. Ал эми 8-апрелге карата 2320,3 долларга жетсе, 12-апрелде 2401,5 долларга чукулдаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости