www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чет элдик кооптуу кылмышкер аял кармалды

Өзгөчө коркунучтуу кылмышкер катары Интерпол эл аралык кылмыш полициясы тарабынан изделип жаткан чет мамлекеттин Ч.Д. аттуу жараны Кыргызстандан кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

Маалыматка караганда, УКМК Интерполдун Кыргызстандагы Улуттук борбордук бюросу менен биргеликте ыкчам-издөө иш-чараларын жүргүзгөн.

"Аталган чет өлкөлүк жаран өнүккөн өлкөлөрдүн аймагында мыйзамсыз миграцияны уюштуруу жана чет элдик жарандарды мыйзамдаштыруу боюнча адистешкен эл аралык кылмыштуу чөйрөнүн уюштуруучусу болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.

Колго түшкөн аял УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

Будак: NazarNews.kg

Последние новости