www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарында тургундан «мейманкана куруп берем» деп 4 млн 224 миң сом алып, алдап кеткен шектүү кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалыматка караганда, быйыл 23-мартта, Бишкектеги ишкананын директорумун деген жаран Ат-Башы айылынын 62 жаштагы К.А. аттуу тургуну менен аталган айылда мейманкана куруу тууралуу келишим түзүп, ишканасынын эсебине 4 млн 224 миң сом котортуп алган. Бирок убада кылгандай мейманкана салбастан, акчаны өз кызыкчылыгына пайдаланып салган.

Жыйынтыгында К.А. аттуу жаранга 4 млн 224 миң сом зыян келтирилген.

Ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында шектүү катары уюшкан кылмыштуу топко тиешеси бар А.А. аттуу жаран кармалган.

Ага карата Кылмыш-жаза кодексинин 210-беренесинин 4-бөлүгүнүн 1-пункту боюнча (ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же коротуу (өзгөчө ири өлчөмдө ) боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө жүрүп жатканда шектүү тергөөдөн качып кеткен. Ал милиция тарабынан издөөгө алынып, Бишкектен табылып, кармалган. Учурда ал камакка алынган.

«Ал күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, учурда А.А. аттуу жарандын үстүнөн тергөө амалдары жүргүзүлүүдө», — деп билдиришти милициядан.

Милиция шектүүнүн кылмыштуу аракеттеринен жабыр тарткан жарандар болсо 0777 03 15 150708 12 67 12 номерине кабар берүүсүн суранат.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости