www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык эркин күрөш боюнча жаш балбандар 23 жашка чейинки (U-23) балбандар арасында өтө турган дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу  Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Жаш балбандар арасындагы дүйнө биринчилиги 23-29-октябрда Албаниянын Тирана шаарында өтөт. Ага Кыргызстандын атынан эркин күрөш боюнча 6 спортчу катышат: Бекзат Алмаз уулу (55 кг), Тайырбек Жумашбек уулу (61 кг), Аден Сакыбаев (65 кг), Орозобек Токтомамбетов (70 кг), Мухаммад Абдуллаев (86 кг), Каныбек Абдулхаиров (97 кг).

Ошондой эле спортчуларды машыктыруучулар Сүймөнкул Таабалды уулу (улук машыктыруучу), Руслан Мажинов (башкы машыктыруучу) жана Ислам Тазабеков (улук машыктыруучу) коштоп барат.

Эскерте кетсек, аталган балбандардын арасынан Тайырбек Жумашбек уулу 16-24-сентябрда Сербияда өткөн чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатына катышып, коло байге тагынган.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости