www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарындагы атышуу: Окуянын чоо-жайы

Нарында жер талаштан чыккан жаңжалдан улам ок атылып, жергиликтүү тургундар жаракат алышты. Бул тууралуу Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 7-июль күнү саат 22:48 чамасында Нарын РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө  Хутор-Ак-Талаа айылынын жашоочусунун үйүндө атышуу болуп жатат деген маалымат түшкөн.

Аталган билдирүү Нарын РИИБге катталган. Окуя болгон жерге ыкчам-тергөө тобу барган учурда төмөндөгүлөр аныкталган: Хутор-Ак-Талаа айылынын К.Б, аттуу тургундун үйүнө  30-40ка чукул айыл тургундары чогулуп келип, үйүнүн терезелерин, эшиктерин таш менен талкалап, дарбазасынын сыртында турган “Субару-Аутбек” үлгүсүндөгү унаасын өрттөп башташкан. Ошол учурда үй ээси үйүндө сакталып турган ок атуучу куралы менен топтошкон элди карай ок чыгарган.

Натыйжада аталган айылдын алты тургуну денесинен ар кандай жаракат алып, Нарын облустук ооруканасына жеткирилген. Үчөөнүн абалдары оор болгондуктан аларга операция жасалган, ал эми калган жарандарга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн.

Жаңжалдын чыгышына жер талаш себеп болуп, айыл тургундары өз ара уруша кетишкен. Бул окуядан кийин эки жаат болуп, бири-бирин күнөөлөп, арыз жаза башташкан. 2022-жылдын 7-июль күнү айылдын элдери, (көбүнчө жаштар) К.Бнын үй-бүлөсүнө нааразы болуп, сүйлөшүү үчүн барышканда уруш чыгып кетип, аягы ок атышуу менен аяктаган.

Азыркы учурда аталган окуяга тиешеси бар шектүү адамдарды аныктоо жана окуянын келип чыгуу себебин тактоо максатында ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости