www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Муну да атасы Ниязбектен эки тизгин, бир чылбырды колуна жаңы эле алып, кокон ханынан эң жогорку наам парваначыны алган Ормон ортого салды. Кеңеш учурунда ат чабыштын баш байгесине эмне койобуз деп айтылганда, Ормон унчукпай туруп бурк этти:

-Куттуксейиттин ашына аттын баш байгесине бүт сарбагыштын малын койом.- деп.

Ал эмес Ормондун атасы, Куттуксейиттин бир тууганы Ниязбек селт эте түштү. Арийне, Ормонго каршы ким сүйлөй алат, Ормон айтты болду да. Демек, Эсенкулдун уулу Куттуксейитин ашына сарбагыштын бүт жылкысы баш байгеге коюлду.

Кеңештегилердин бүтүмү боюнча  ашка чакырыла турган адамдарга бир-эки ай мурун кабар жибериле турган болду. Анткени, кабар алган элдер ашка камынып, күлүк, жорголорун мыкты саяпкерлергек таптата баштайт, балбандарга буудай майлап берип, узун арканга жаткыра баштайт. Кыскасы аш өткөрүлөр шарты, ырым-жырымдары  такталды. Сарбагыштар аш берүүгө даярданып, Куттуксейиттин ашы боло турган жерге үйлөрдү алып келип тигип, союштарын белендей башташты. Бул ашты көздөгөндү жаш болсо да, Куттуксейит уулу Шамен алды.

 «Ат - адамдын канаты» деген сөз калган, мурунку замандарда азыркыдай унаалар жок болгондуктан, кыргыздын мыктыларынын күчү жылкыга чыккан. Кыргыздын бүткүл дээрлик оокаты көчмөн болгон үчүн көбүнчө жылкыга байлангандыктан жана жоо менен эч убакта жөө эмес дайыма ат үстүндө урушкандыктан, күлүк аттын кадыры өтө чоң болгон. Ошондуктан кыргыздар санжырасын айтышкан соң күлүк аттарын тарыхын айтып келишкен.  Алсак, жылкынын Камбар-Атасы Манап бийдин  Шарп куласы болуптур. Муну калмактарга каршы бирге урушкан казак ханы Эр Эшимден 1626-жылдары тартууга алган. Манап бийдин уулу Жарбаң он алты жашында  Шарп куланы минип калмактардын атактуу баатыры менен эр сайышка чыгып, жеңишке жетишип, ошол бойдон Шарп куласы экөө эр сайышта эч бир жеңилген эмес. Манап бийдин дагы бир уулу Сүтүке, андан Сүтөй. Шамен Сүтөй менен ата-бабасы жагынан да, таяке бабасы жагынан да кошулат. Сүтөйдүн  Сарсейит деген баласынан Үчүке, андан Маматкул, андан Болот, андан Эсенкул, андан Куттуксейит. Ал эми Тукур деген баласынан  Олжотай, андан Тайлак, андан Чиркей, андан Карагул, андан Качыбек, андан Үкү апа.

Шамендин туугандары сарбагыштарда жылкынын мыктысы Болот бабасынын бир тууганы Темирдин 1730-1740-жылдары калмакка каршы салгылашууда кыргыз элине көп пайдасы тийген күлүк аты аталат. Кийин Темирдин уулу Черикчини Маматкул бий Кытайлыктарга  элчи башы катары Бээжинге жөнөтөт. Темирдин дагы бир урпагы Төрөгелдинин  Ак кызыл деген күлүгүнүн аты да 1835-1850 жылдары кыргызды дүңгүрөтүп турган.  Түлкү насилинен Тынай бийдин уулу Атакенин Кер Кулуну да ооздон-оозго айтылып калган. Маматкулдан соң Атаке бий Петербургга Орус императору Екатерина экинчиге элчилерин жөнөткөн.

Куттуксейиттин бир тууганы Ниязбектин небереси Адыл да жаш кезинен эр сайышка түшкөн баатырлардан болгон. Кене хан менен болгон салгылашууда казак ханынын иниси  Ноорузбайга эч ким даап чыга албай турганда Адыл эр сайышка чыгып, экөө бири-бирин жеңе алышпай калган. Ормон хандын керээзи боюнча бугуну сүрүп келаткан Адыл баатыр баш болгон топ жашынып жаткан Сур айгырдын ээси Балбайдын колуна түшүп калат. Балбай сарбагыштарды өзүнчө, саяктарды өзүнчө бөлө баштайт. Адыл баатыр Балбай сарбагыштарды кырат деп саякка кошулуп алган экен. Бирок, Балбай сарбагыштар Ормондун кунун кубалаганы келишти, силерге эмне жок деп саякты кыра баштаганда, Адыл баатыр күлүгү менен көлгө кирип кетет, көлдү жиреп отуруп, аркы өйүздөн чыккан экен. Бул жылкынын тукуму Солтонкулдун жылкысынан болгон экен. Балбай Солтонкулдун жылкыны сарбагышка бергенине өкүнүп турганда, жылкыда кеп жок экен, бирок Адылдай баатырды өлтүрүп эмне пайда табабыз дешкен экен.

Эсенкул элинде Шамендин уулдары болуш болгон Борукчу болуштугунда Шадыкан аттуу саяпкер адам Кызыл жоргосун минип, эртең менен Токмоктон чыгып, Боом менен жүрүп, Кубакыга түшүп, Кочкорду аралап, Жоон-Арык аркылуу өтүп, Долонду ашып, Нарынды басып, Кызыл-Белди ашып, күн батаарда Ат-Башыга жеткен. Бул жүрүш жогоруда айтылгандардын жүрүшүнө караганда баланын оюнчугу болуп калат, анткени ашып кетсе 350-400 чакырым жолду бир күндө баскан. Ат аткан октой деп бекеринен айтылган эмес, кыргыздын күлүктөрү мындай жолду ойноп басып койчу экен. Кыргыздарда эрдин кунуна айыбына күлүк берилген. Бир ат үчүн кыздан, зайыбынан кечкен, бир күлүк үчүн эки элдин ортосу бузулуп, канчалык кан төгүлгөнү белгилүү. Кыргыздар атты жанындай көрүп, кооптуу заманда үйүнө кийирип кишен салып баккан. Жолоочу жүрүп баратып, ат үстүндө  тамак ичип, ат үстүндө укташкан. Кыргыздар жакшы атынын башын бийик жыгачтын башына илишкен. Толубай, Санчы өңдүү саяпкер, сынчылар кишини жана жылкына гана сындап, башка малды сындаган эмес. Күлүк же чобур болорун кулун жана тай кезинде  сынап билген. Үйдө отуруп тыштагы аттын дабышынан күлүк болорун билген. Жоокерчилик заманда жалгыз жанын атына тапшырган. Кээ бир ат ээси уктап жатса, душмандардын элесин алса, ээсин чапчып, же тиштеп ойготкон.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

 

Последние новости