www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарындын тургуну 3 эмди жарык дүйнөгө алып келди

Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Кыя айылынын тургуну Тимурлан Жунусакуновдун үй-бүлөсүндө үч эм жарык дүйнөгө келди. Бул тууралуу УТРК Нарын билдирди.

Ымыркайлар Бишкек шаарындагы төрөт үйүндө 11-декабрда төрөлгөн.

“Сезимдерди айта албайм. Укканда аябай сүйүндүк. Кыздарымдын ысымын Тунук, Сезим жана Актилек деп өзүм койдум. Жубайым тараптан эгиз балалуу болгон туугандарыбыз бар. Азыр Бишкек шаарындагы төрөт үйүндө дарыгерлердин көзөмөлүндө болуп жатат. Балдарымдын да, жубайымдын ден соолугу жакшы”,- деди кыздардын атасы.

Жубайлар буга чейин бир уул, 4 кызды тарбиялап келишкен. 42 жаштагы Элиза Нурсеитова А.Абдраимов атындагы мектептин башталгыч класстарынын мугалими болуп эмгектенет.

Последние новости