www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Акыркы учурда саясаттан запкы тарткан журналистердин бири, Нарын Айып кыргыз тилдүү жазмакерлерге тактама жазып, сөздөрдү иреттеп жана туура жазуу керек экендигин өзүнүн социалдык тармактары жарыялап келет. Журналист Нарын Айыптын кезектеги пикирин окурмандарга сунуш кылабыз. 

"Акыркы жылдары кыргыз тилине «өздүк» деген сөз кирип кетти. Милиция же аскер чөйрөсүндө «өздүк курам» деген нерсе («личный состав») кадимки эле терминге айланды, кийинки мезгилде болсо айрым журналисттер «өздүк майрам», «өздүк сезим» же «өздүк сот» деп да сүйлөп кирди. Орусчадан сөзмө-сөз көчүрмө – «личный праздник», «самочувствие» жана «самосуд».

Жакында «өздүк бийлик» же «өздүк акмак» дей баштайбыз го, анткени орусчада – «самовластие» менен «самодур». Которууга даяр турса, өз кыргыз сөздөрүбүздүн кереги эмне? Орустардын «самосуд» деген сөзүнүн сотко эч кандай тиешеси жок, тескерисинче, мааниси – «сотсуз жазалоо» («өзүн өзү сот кылуу»). Ойлонбостон сөзмө-сөз которуу менен биз анын маанисин тескери кылып жатабыз.

Айтсаң, толгон эле жаштагы журналисттер: «Эми тилге кирип кетпедиби, баары эле ушинтип сүйлөп калбадыбы», – деп, кичине да бир нерсе оңдогонго мойну жар бербейт. Владивостоктон Лондонго чейин (Бишкекте дагы) орусча сүйлөгөндүн баары азыр: «Участвовал на собрании», – деп ката айтат. Чындыгында: «Участвовал в собрании», – болуш керек. Бирок орустар: «Баары эле ушинтип сүйлөп калды», – деп тил эрежелерин өзгөрткөн жок да, деп жазат Нарын Айып.

Баса, белгилүү журналист Нарын Айыптын жазгандары "айырмдарга" жакпай калып, ушул тапта бийликке суммасы  400 миң сомго жеткен акча карыз. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости