www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Интернетте 20-февралда тараган видео кайрылууда 90 жашка таяп калган Райла Идинова «үйүбүздү тартып алып, ушул жашта мени мүңкүрөтпөгүлө, соттор акыйкаттуу болгула» - деди.
«Бул үйдө баламдын кылайган дагы эмгеги жок. Абышкам экөөбүз кезекке туруп алганбыз. Үйдү алганда абдан кубандык эле. 1928-жылы туулгам, 90 жашка чыктым. Абышкам экөөбүз тең мамлекетке кызмат кылдык. Эми карып, төрүмдөн көрүм жакын калганда абышкамдын үйүн тартып алганы жатышабы? Менден үйдү алып коюшса көчөдө каламбы? Бул туура эмес. Уктай албай, кайгырып зээним кейип жатат» - дейт Райла апа. Бишкек шаардык соту журналист жашаган батирдин үчтөн бир бөлүгүн сатуу боюнча маселени өткөн аптада карай баштаган. Буга чейин экс-президент Алмазбек Атамбаевдин өкүлү Нурбек Сыдыков Нарын Айыптын Бишкек шаарында жашап жаткан батирин сатыкка чыгарып, анын эсебинен айыппул өндүрүүнү соттон өтүнгөн. Анын алдында соттун чечими менен батир камакка алынган.
Нарын Айып менен кошо соттолуп жаткан «Адилет” укук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова Октябрь райондук сотунун чечимдерине макул болбой, шаардык сотко даттанышкан. Былтыр Башкы прокурордун Атамбаевдин ар-намысын коргоо боюнча арызына ылайык, "Zanoza.kg" сайтынан жалпысынан 27 миллион сом өндүрүү тууралуу сот чечими чыккан. Анын ичинен басылма 15 миллион сом, Нарын Айып 9 миллион сом, Дина Маслова 3 миллион сом төлөөгө милдеттендирилген.
Булак: NazarNews.kg