www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 25-майда жергиликтүү булактардын бири Нарын облусундагы төрөт үйүнүн терезелери менен эшиктерин сындырып, күйөөлөрү аялдарын чыгарып кетишкендиги, мындай кадамга ошол ооруканадагы айрым дарыгерлер менен аялдар илдетке шектелип жаткандыгы себеп болгону тууралуу жазган.

Анда айтылгандай, обсервациядан чыгып кеткен аялдардын алтоосу Ат-Башы районуна кетип калууга жетишкен. Нарын облусунун социалдык жактан коргоо боюнча бөлүм башчысы Динара Жусупова чындыгында 22 аял төрөт үйүндө чуу салышып, кетүүгө аракет жасаганын тастыктаган. Бирок эшиктер менен терезелер сынбаганын билдирген.

Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине Нарын облустук милициясынан төмөндөгүчө билдиришти.

“Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын ара төрөлгөн балдар бөлүмүндө 2020-жылдын 25-май күнү саат 12:10 чамасында анализдер толук чыгып бүтө электе 22 аял бөлүмдөгү эшиктин кулпусун сындырып, обсервациялык пунктту таштап кетишкен. 18 аял кетип, 4 аял ошол жерде калышкан. Бул окуя боюнча Нарын шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык Кодексинин 280'1- бөлүмү  менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, териштирүү иштери жүргүзүлүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, буга чейин Нарын облусундагы төрөт үйүндө жаңы төрөгөн 8 аял илдет жуктуруп алганын Республикалык штаб билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости