www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповдун буйругуна ылайык  облустун 2014-2017-жылдарда өнүгүү Программасынын аткарылышы боюнча кезектеги облустук семинар Нарын районунун Миң-Булак айылында өттү. Бул тууралуу Өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн пресс-катчысы Дүйшөк кызы Айнура билдирди.

Аткарылып жаткан иштер менен жеринде таанышуу жана тажрыйба алмашуу максатында семинарга 5 райондун акими, шаар мэри, 63 айыл аймактын айыл өкмөт башчылары жана жергиликтүү кеңештердин төрагалары катышты.

Иш чаранын жүрүшүндө семинардын катышуучулары айылдын ун чыгаруучу тегирмени, пескоблок чыгаруучу кичи цехи,  малды асылдандыруучу жайы, айыл-чарба техсервиси, айыл өкмөттүн бюджетинен ремонттон өткөрүлгөн Ж.Өмүралиев жана А.Тыныбеков атындагы мектептери,  жылуулук системасы киргизилген спорт залы, жаңы ачылган бала бакча, ФАП, футболдук аянтчанын иши менен, жаңы курула турчу этно айыл комплексинин долбоору жана башка объектилер менен жакындан таанышып, суроолоруна жооп ала алышты.

А.Кайыпов иш чаранын соңунда өткөн жыйында райондор, айыл аймактары жана шаар  мүмкүнчүлүктөрүнө жараша ар бири өз-өзүнчө “Жол картасын” кабыл алышканын жана үч баскычта калктын жашоо шартын оңдоо үчүн алда канча жеңилдик жаратууга мүмкүн экенин  белгиледи. Программаны түзүүдө приоритеттүү багыттарын аныктап, ирээти менен кадам таштоо үчүн ондогон жыйындар өткөнүн, талкуулар, сын-пикирлер айтылганын маалымдады. Кыска мөөнөттө алгылыктуу жумуштар жасалганын айткан облус башчы, бул чек эмес экенин белгилеп, кийинки 2018-2021-жылдарга «Жол карта» иштелип чыгып, ноябрь айында облустук коллегиянын отурумунда бекитилээрин билдирди.

“Жол картанын” түзүлгөнүнө 4-жылга аяк басты. Жыйынтыктар көпкө күттүргөн жок деген ойдомун. Учурунда ишти сапаттуу аткаруу милдеттери коюлуп, облустун ар бир аймактарында иштин натыйжаларына баа берилүүдө. Облустук масштабда ири деп эсептелген жалпы суммасы 798 млн 127 миң сомдук 57 долбоордун бүгүнкү күндө 20сы толук аткарылып, 10 долбоор ишке ашырылууда. Калган долбоорлор убак-сааты келгенде бүткөрүлөт деген планыбыз бар. Ал эми район, айыл аймактар, шаар белгиленген долбоорлорун 60%дан ашыгын ишке ашырууда,”- деди А.Кайыпов.

Маалымат үчүн,  Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаевдин «2013-2017-жылдар мезгилинде Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын» алкагында облус башчы А.Кайыпов 3 баскычтуу, тактап айтканда, облустук, райондук жана айыл аймактык деңгээлде «Жол карталарды» иштеп чыгууну демилгелеп, 2014-жылдын 23-апрелинде облустук коллегияда өнүгүү программасы бекитилген. Учурда ар бир райондун бирден айыл аймагынын базасында облустук семинарлар уюштурулуп жатат.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости