www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Интернет булактарында Кара-Кече филиалы боюнча тараган маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Нарын ОИИБдин басма сөз кызматы  билдирди.

Интернет булактарына 2020-жылдын 6- октябрь күнү саат 15:00 чамасында Нарын облусунун Жумгал районунда жайгашкан "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече филиалын криминалдык авторитет М.Кадыркулов каймана аты "Саяк" уюштурган белгисиз адамдар басып алгандыгы жана кассадан акча каражаттарын алып кетишкендиктери ошондой эле көмүр кесимде көмүрдү белгисиз адамдар эч кандай документи жок, акча төлөбөстөн алып кетип жатышкандыктары маалымдалган.
Аталган факты Жумгал РИИБу тарабынан каттоого алынган.

Азыркы учурда бул факты боюнча Жумгал РИИБнун ыкчам тергөө тобу жеринен текшерүү жүргүзүп, окуя болгон жерден эч кандай кассадан акча каражаттарын белгисиз адамдар алып кетишпегендиктери аныкталган.
Ошондой эле көмүр кесимге барышкан  белгисиз адамдар тарабынан эч кандай документи жок, акча төлөбөстөн көмүр чыгарылгандыгы тастыкталган жок.
Бүгүнкү күндө "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын Кара-Кече филиалында саясий кырдаал тынч абалда, кызматкерлер күндөгүдөй эле көмүр чыгарышып, көмүргө келген жарандар толук кандуу иш алып жатышат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости