www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Курсан Асановду Кой-Таш окуясына чейинки иштеген иштери боюнча убагында алгылыктуу жакшы кызмат өтөгөн деп эсептейм.

Бирок Кой-Таш окуясындагы иш-аракеттери бул мыйзамсыз жана милициянын аброюна көлөкө түшүрдү , өзү көп жыл ИИОда кызмат кылып келген адам катары Кой-Таштагы алынган далил заттарды протокол түзүү менен тергөө кызматына өткөрүп бериши керек эле. Бирок, ал антпеди.

Мындай иш аракети боюнча К.Асанов мыйзам чегинде жооп бериш керек. Азыркы Президентибиз айткандай мыйзам баарыбызга бирдей.

Кыргызда ата-бабаларыбыздан келген жакшы лакап бар “Жакшы болуш аста-аста, жаман болуш бир паста” дегендей К.Асанов мурдагы иштеген эмгегин бир заматта жууп, эл алдында ИИОнын кызматкерлеринин алдында чоӊ жаӊылыштык кетирди”-деген оюн Нарын ОИИБнын Ж. Өмүрзаков билдирди.

Нарын ОИИБнын дагы бир ардагери Асан Акматов Кыргыз Республикабыздын ИИМдин мурдагы орун басары К.Асанов жөнүндө өз пикирин төмөндөгүчө баяндады.

“Ырас, К.Асанов өзүнүн аракети менен милициянын аткарып жаткан милдеттерине көө жаап, чектен аша чапкандыгын Кой-Таштагы 8-август күнү видеого тартылган тасмадан көрүүгө болот.

Республикабыздын жазык процессуалдык кодексин одоно түрдө бузгандыгы көрүнүп турбайбы. Ал өзүн көрсөткүсү келип, А. Атамбаевдин үйүнөн табылган курал жарактарды, ок дарыларды жана башкаларды өзүм билемдикке салып, ар бирин санап алдырып кеткендиги туура эмес болгон. Ошондой эле кызыл пакетти ыкчам тергөө тобуна өткөрүп бербегендиги да анын аброюна шек келтирип, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалангандыгын далилдеп турат. Буга байланыштуу К.Асанов эӊ туура кызматтан четтетилип, ага карата кылмыш иши козголгондугу мыйзам ченемдүү болду. Кандай деген күндө да Курсан Асанов өзүнүн аракети менен бүткүл милиция кызматкерлерин уятка калтырып отурат. 
 

Булак: NazarNews.kg

< Предыдущий

Последние новости