www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Заворотнюк комага түшүп калды

Актриса Анастасия Заворотнюкту өтө оор абалда болгону үчүн медикаменттик комага түшүрүштү. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, ал эки жума мурун ооруканага түшкөн, абалы начарлап кеткендиктен бүгүн түнү аны жандандыруу бөлүмүнө которушкан. Учурда дарыгерлер мындан ары эмне кылуу тууралуу ойлонуп жатышат. Актриса мындай абалда жатканда операция кылуу да мүмкүн эмес экен.

Мындан мурун Заворотнюк мээнин рагы менен ооруй турганы тууралуу маалымат тараган эле. Актриса акыркы убакта театрдагы спектаклдерин токтотуп, социалдык тармактардагы баракчаларына сүрөт жүктөбөй калган.

Булак: "NazarNews.kg"

Последние новости