www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эркекти бир гана аял шыктандыра алат

Бактылуу үй-бүлө куруу – бул тынымсыз эмгек.

Тренер Нурлан Тороев: “Эгерде эркек менен аял жаратылыштан берген жөндөмүн ар бири туура пайдаланса, үй-бүлөдө уруш-талаш, ажырашуулар болбойт эле”,- дейт.

Өзгөчөлүктөрдү туура айкалыштыруу

Өзгөчөлүктөрдү туура айкалыштыра билгенде гана үй-бүлөдө бекем мамиле сакталат. Мисалы, эркек табиятынан мергенчи. Ал 3-4 метр аралыктагы кыймылдап жаткан чымынды көрүү өзгөчөлүгүнө ээ. Бирок маңдайында турган буюмду байкабашы мүмкүн.

Ал эми аялдын көзү тегерек-четке жайылып көрөт. Бир эле учурда баланын эмгектеп баратканын, сүттүн ташып жатканын байкайт. Ошол эле учурда тиричиликте эки-үч жумушту бир бүтүрө алат. Бул да болсо жаратылыштын аялга гана берилген өзгөчөлүгү.

Айырма эмес, артыкчылык издөө

Аял менен эркек баш кошкондо бири-биринин артыкчылыктарын издебей айырма издей баштайт. “Мендей эмес экен, өзүн мендей алып жүрбөйт” деген ой жүгүртүү көптөгөн уруштарга жол ачат. Анын ордуна “мен кыла албаган нерсени күйөөм кыла алат, менин колумдан келбеген нерсе анын колунан келет”, “колунан келген жакшы нерсени менин балдарыма да үйрөтө алат” деген ойлор жакшы натыйжа берет.

Артыкчылыгын баса белгилөө

Эркекти аял кишидей эч ким шыктандыра албайт. Анын жашоосундагы биринчи шык берген аял – апасы, андан кийин аялы. Эркектин кенедей артыкчылыгын баса белгилеп, “жакшы иш кылдың, ойлоп тапкычтыгың жагат” деген сөздөр ага болуп көрбөгөндөй дем берет. Ийненин көзүндөй болгон артыкчылыкты да көмүскөдө калтырбоо керек. Ал мактоо сөздөр чоң ийгиликтин башаты болушу мүмкүн.

Эркекти алсыз кылба, өзүңдү чарчатпа

Аялдын көбү “сенин колуңдан келген иш менин деле колумдан келет” деп эркектин ишин кошо талашып жоопкерчиликти өз мойнуна алат. Эрегишүү, атаандашуу эркектин өздүгүн өлтүрөт. Бирок аял анын ичинде болуп жаткан бороонду байкабай түйшүгү менен алыша берет. Ал аралыкта күйөөдө эркектик ишин аялына өткөрүп бергенине уялып, ичинен өзүн жемелейт. Күнөөлүү сезет. Бара-бара анын ичинде да “кылгың келсе кыла бер” деген кайдыгер сезим ойгонот. Жыйынтыгында күнү бою сыналгынын маңдайынан чыкпаган, үй-бүлөлүк маселени чече албаган эркекке ээ болосуз.

Эркекке туура шык бериңиз

Эркек кишини темир унаага салыштырса болот. Анын эбин таап от алдырса алдыдагы тоскоолдуктарды басып өтүп, узак жол жүрө алат. Бирок аялдар көп учурда аны от алдыруунун жолун билбей, унааны өмүр бою сүйрөп же түртүп жүрүп өтүшөт. Күйөөңүздү башка эркекке салыштырып же болбосо “аялдай болуп жата бересиңби!”, “ордуңдан туруп оокат кылбайсыңбы!” деген жеме сөздөр менен тургуза албайсыз. Ар бир эркек аялына кам көргүсү келет. Сиздин милдетиңиз, ошол каалоону туура ойготуу керек. “Бул жумуш сенин колуңдан жакшы келет эмес беле”, “башкалардыкында жок мындай жөндөмүң бар го, ошого аракет кылып көрбөйсүңбү” деп анын башкалардан өзгөчөлүгүн белгилегениңиз оң. Каалоо менен чындыкты чаташтырбаңыз “Элдер жылына эки жолу көлгө барат”, “биз качан башкалардай болуп эки кабат үйдө жашайбыз”, “мен качан тигинин аялындай болуп кымбат тон кием”.

Бул салыштыруулар эркектин намысын тебелейт. Сиз антип сөз менен наалыгандын жыйынтыгында эки кабаттуу үйгө ээ болуп кетпейсиз же көз ачып-жумганча көл жээкте эс алып жатып калбайсыз. Бирок мындай сөздөр ортодогу мамилени суутат, эркектин кичине болсо да кылып жаткан аракетин тык токтотот. Мындай жагдайда аялдык акылдуулукка салып:

“Быйыл барбасак эмдиги жылы эс алабыз”, - деп учурдагы жашоо-шартыңызга түшүнүү менен мамиле жасаганыңыз туура.

Анара Дүйшөналиева

Булак: Леди.кж

Последние новости