www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мен бул суроомду А.Белеков мырзага гана эмес (“Майдан”, 28.08.2019), жалпы кыргыз журтчулугунун уул-кыздарына да бергим келет.
Анткени бир адамдын айынан миң адамды күнөөлөп, бийликке жагынып жан багууну кесип кылып алган, жашы болобу, карысы болобу, подхалим адамдардын тагдыры, түпкүрүндө, тайкы болуп калаарын турмуш өзү күн сайын тастыктап келет.
Эгерде ал адам башка элдин өкүлү болсо, анда бир жөн, ал башка кеп. Бирок ошондой болгон күндө дагы, ал адам эне-атасынын тарбиясын көргөн болсо, ал эч качан башка элди “бузуку” деп атабайт эле.
Анткени анын эне-атасы ошол турмуштун жашоо шартын түшүнүп, Жараткан тартуулаган табияттын тартибин сактап, өзүлөрүн да адам катары алып жүргөн инсандар болсо, алар эч качан уул-кыздарын башка бирөөнү жек көрүүгө үйрөтүшпөйт эле. Бул аксиома. Бирок ошол эле элдин арасында өзүнүн арам тамак, ач көз, арамзалары гана ошол элди бузуп коюшу мүмкүн. Ошол себептен мен ойлогом:
“Бул жигит жаштыкка алдырып, күнүмдүк кызыкчылыкка алданып, бир аз байкабай одонороок сүйлөп алды го” деп. Бирок күн өткөн сайын күпүлдөшүп, күнү-түнү радио, гезит, ТV аркылуу айгайлашып, Нарын Айып баш болуп жаңы чыккан Геростраттар “атың чыкпаса жер өрттө!”- деген ураан менен шам чырактарын ала чуркап, чыныларын чыңкылдатып, көрүнгөндүн көчүгүн чукуп, күч жана укук коргоо органдарынын жоокерлерин элине каршы тукуруп:
“Биз, Түштүк Кыргызстандын эли, Чынгыз хандын тукумдары, Кокон хандыгында бир жарым кылымдан ашык убакыт жашап, мамлекеттик бийлик эмне экенин жакшы түшүнүп калдык, ал эми силер, Түндүк Кыргызстандын уруулары, Октябрь төңкөрүшүнө чейин уруулук түзүлүштө гана жашап, мамлекеттик бийлик эмне экенин түшүнбөй, билбей туруп, бийлик өкүлдөрүнө каршы чыгып жатканыңар мыйзамсыздык.
Мындай шартта мамлекеттин укук коргоо органдары аларга каршы мыйзамдарды катаалданттырып, ошол замат өз жазаларын алдыртып, катаал чаралар менен гана тартипке келтирбесек болбой калды!”- деген ачыктан ачык эле кадимки трайбалистик, экстремистик жана террористик чакырыктарды чыгарып жатышканы эмнеден кабар берет?
Ооба, мындай опурталдуу шартта мунун баарын угуп, көрүп, билип туруп, билмексен болуп унчукпай калыш, менимче, адамгерчиликке жатпас... Чын эле, А.Белеков мырза өзү айткандай, мындай шартта “Эмне үчүн аксакалдар, интеллигенциянын өкүлдөрү от менен ойногондорду тартипке чакырышпай койду?”- деген суроо дагы бир ирет жаралары шексиз.
Ошол себептен, азыркы бийлик өзү жараткан кризиске өзү кептелип, андан кантип чыгаарын билбей, эми минтип, Белеков мырзага окшогон “эрдиги бар, эси жок”, “бөрк ал десе баш кескен” жигиттерин колдонуп, бийликтин ырын ырдабаган элди бузукуга теңеп, анын аксакалдарын кордоп, интеллигент адамдарын тебелеп-тепсеп, аларга карата “катаал чараларды көрүп”, каматып, сабатып, катуу жазалоону мамлекеттин күч органдарынан талап кылып жатышканы - бул, билбейм, эмне деген нааданчылык, маскарапоздук жана чыккынчылык жорук экенин?!.
Мындай тапшырманы ага ким, качан жана эмне себептен берген болду экен? Буга ким жооп берет?
Албетте, бул акылга сыйбаган алешемдик жорук экени даана эле көрүнүп турат! Ошол себептен, мен, жалпы кыргыз журтчулугунун атынан А.Белеков мырзага ачык эле суроо беришим керек болуп турат:
-Сиздин бул опурталдуу оюңуз жана кан жыттанган ниетиңиз - Алымбек датканы тирүүлөй мууздаган Кокон хандыгынын баш кесер сарбаздарын кайрадан жандандыруу максатында көтөрүп жаткан жеке демилгеңизби же биз билбеген дагы бир башка ой-максаттарыңыз барбы? – деп.
Айтайын дегеним: “Айланайын А.Белеков мырза! Сиз азыркы кризистин себебин анын натыйжасы менен орун алмаштырып алып, б.а. атты арабага чекпей, арабаны атка чегип алып, аттын куйругун кармап, артка чегинип бараткан жолоочуга окшоп турасыз. Бул абдан өкүнүчтүү жана коркунучтуу.
Эмне себептен мындай болуп калганын мен, албетте, билбейм, бирок “Айбалкасы күч болсо кийиз казык жерге кирет” деген сөз бар кыргызда.
Анын сыңарындай, балким, байкабай, бийликтин бир бутагына илинип, ошонун кесепетинен ушул айыкпас илдетке чалдыгып калсаңыз керек деген ой кетет экен.
Анткени, биринчиден, акылы токтолгон жана өзүн өзү сыйлаган адам эч качан бийликке каршы чыкпайт жана анын ырын да ырдабайт. Орустар айткандай: “Себе дороже...”. Экинчиден, эл эч качан бузулбайт. Элди бузукулар гана бузат. Үчүнчүдөн, кечирим сурайм, кыргыз элинде дагы бир мындай деген макал бар: “Ханды кудай урарда, өз элине кас болот” деген. Мен эч кимди көрсөтүп жаткан жерим жок. Ушул үч аныктаманын негизинде эмне деген жыйынтык чыгарсак болот?
Ооба, элинин гана кызыкчылыгын ойлоп, элин кантип бакканды билген бийлик эч качан кор болбойт. Ошол эле убакта, “тигини тигинтип, муну минтип кыйратып иштеп атабыз”- деген кур сөз менен элин алдап, алаксытып, тынчытып коюп, анан акырын, тымызын, өз билгенин кылып жүрө берген берендер да жок эмес...
Буга мисал катары дагы бир окуя эсиме түшөт.
Каргашалуу 2003-жылы ала көөдөн Акаев аксылыктарды аттырып салып Бакиевге шылтап, Бакиев актанып Акаевге шылтап, элден качып жүрүшкөндө ыраматылык Мелис Эшимканов экөөнө тең кайрылып, мындай деп айтты эле:
“Элин бага албаган эрендерден не пайда, Кебин элге айтпаган кеменгерден не пайда?”- деп.
Анын сыңарындай, азыркы бийликке, акылман Курманжан датка энебиз айткандай: “Эл башыга - эл башылык нарк насил, айрыкча деңгээл керек”- деп айтаар элем. Эми минтип, Аллахтын амири менен, Кудайдын колдоосу менен Эл башы болуп шайланып, алты миллиондон ашык калдайган кыргыз калкынын алдында ант берип тургандан кийин, Кудайды, арбактарды сыйлап, күнүмдүк бузукулардын сөзүнө кирип майда интригаларга алдырбай, эл башылык инсан, стратег катары элинин ынтымагын, тынччылыгын сактап калса болот беле?
Албетте, болмок. Мисалы, ошол эле Курманжан датка энебиз... алтымыш тамыры сыздап, өз баласын өлүмгө кыйса дагы – элин кыйа албай, улук, улутман деңгээлин сактап, эл башылык нарк-насилин сактап, элин сактап калбады беле!..
Же унутуп калдыңарбы, мамлекеттик бийликтин кадыр-баркын билген, сыйлаган, түшүнгөн мырзалар?!. Дагы бир сөз. Интеллигенттер тууралуу
Советтик Чоң Энциклопедиялык Сөздүктө: “ИНТЕЛЛИГЕНЦИЯ (лат. Intelligentis – понимающий, разумный) – работники умственного труда, имеющие специальные знания в различных областях науки, техники и культуры (инженеры, врачи, учителя, работники науки и искусства, офицеры, служащие государственного аппарата). Интеллигенция не является особым классом общества, а образует социальную прослойку из представителей разных общественных классов”.
Кыргыз элинин интеллигенттери (мырза уул, айымдары) илгерки Кыргыз Каганаттыгынан бери белгилүү. Алсак, Барс Бек, Алп Тегин, Жусуп Баласагын, Махмуд Кашгари (Барскани), Домбул бий, Долон бий, Мухаммед Кыргыз, Атаке бий, Чокан Валиханов, Тоголок Молдо, Курманжан Датка, Токтогул Сатылганов, Сагымбай Орозбак уулу, Саякбай Каралаев, Кусейин Карасаев, Курман Каракеев, Аалы Токомбаев, Абдылас Малдыбаев, Муратбек Рыскулов, Молдо Кылыч, Ишенаалы Арабаев, Гапар Айтиев, Түгөлбай Сыдыкбеков, Алыкул Осмонов, Сабира Күмүшалиева, Иманалы Айдарбеков, Абдыкерим Сыдыков, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеев, Касым Тыныстанов, Жусуп Абдрахманов, Аммосов Максим Кирович, Болот Юнусалиев, Юдахин Константин Кузьмич, Төлөмүш Океев, Болот Шамшиев, Асанхан Жумахматов, Иса Ахунбаев, Мамбет Мамакеев, Муса Адышев, Султан Ибраимов, Тургунбай Садыков, Сүймөнкул Чокморов, Төрөбай Кулатов, Исхак Раззаков, Турдакун Усубалиев, Чынгыз Айтматов, Бүбүсара Бейшеналиева, Апсамат Масалиев, Күлүйпа Кондучалова, Насирдин Исанов, Казат Акматов, Дооронбек Садырбаев, Болот Бейшеналиев, Таттыбүбү Турсунбаева, Салижан Жигитов, Эрнис Турсунов, Эрнст Акрамов, Бексултан Жакиев, Бейшебек Акунов, Турсунбек Чынгышев, Асан Жайлообаев, Жумагул Сааданбеков, Кусейин Исаев, Түгөлбай Казаков жана башкалар...
Алар, тиги жарма-патриот нигилистерге окшоп, эч качан бийликке жагынып, анын ырын ырдап же сөөмөйүн кезеп, каршы чыккан эмес! Алар, тиги жарма-патриот жазмакерлерге окшоп, эч качан сай-сайлап, уруу-уруулап, түндүк-түштүккө бөлүнүшкөн эмес!
Алар, тиги жарма-патриот бузукуларга окшоп, бирөөнө жагынып, бирөөнү кемсинтип, элин бири бирине кайраштырып-чабыштырып, пайда издешкен эмес! Алардын ар бири өз ордунда башын канжыгага байлап коюп, элине, жерине арнап, ак кызматтарын аткарып келишкен жана аткарып да жатышат. Жакында белгилүү коомдук ишмер Аскар Салымбеков мырзанын колдоосу менен кыргыздын кыраан уулу Жусуп Абдрахманов тууралуу алгачкы документалдык фильм жарыкка чыкты. Бул да болсо байыркы кыргыз элинин кыйын эл экенин даңазалаган, анын келечеги кең, көрөңгөсү күчтүү, эрктүү-тектүү адамдардын мекени экенин тастыктаган, мактоого татыктуу расмий документ болуп калды. Ошол эле убакта алардын арасында айрым алсыз, арсыз, дүнүйөкор, мансапкор мамчиновниктердин кесепетинен жабыркаган карапайым калктын жүрөк өйүгөн көйгөйлүү турмушун чагылдырган кадрларды көрүп алып, дагы бир жолу: “Атаңдын көрү дүнүйө!” дегенден башка айла жок...
Бул тууралуу ал өзүнүн күндөлүгүндө мындай деп жазып калтырган экен: “Для моих соотечественников Киргизия не страна, о которой нужно заботиться, которую нужно любить, для которой нужно работать, а только объект, база личного благоустройства. В этом несчастье моего народа!.. Жалко республику, жалко потому, что нет людей способных до конца драться за ее интересы, за ее неоспоримое право жить достойно и лучше...”.
Мен өз сөзүмдү ушуну менен аяктап, жанакы мамлекеттик ММКларда күнү-түнү сайрап жаткан жер өрттөгүч Геростраттарыбызга кайрылат элем:
-Бир кара курсагыңардын кызыкчылыгы үчүн от менен ойнобогула, айланайындар! Кара курсагыңар бир күнү тоёт, бирок калган көңүл, кеткен кадыр-барк, бузулган адамгерчилик сапат - эч качан кайрылып келбейт! Эсиңиздердеби, айланайындар, Найман-Эненин акыркы жолу уулуна кайрылып суранганы:
-Жоламан! Уулум! Атпа! - деп кыйкырганга араң жарады. Акмаяны бура тартып бетмаңдайлашууга үлгүрбөдү, ышкырып келген жебе сол колтугуна сайылды. Найман-Эне чоктук өркөчтү кучактай, ооп жыгылып баратты. Бирок бою жерге тийгенче башындагы ак жоолук шыпырылып түштү да, жерге жетпей куш болуп, аба кайкып учуп чыкты: “Эсиңе кел, сен кимсиң? Атың ким? Сенин атаң Дөнөнбай! Дөнөнбай! Дөнөнбай!”
Эсиңерге келгиле, айланайындар! Элиңерди кордоп, жериңерди сатпагыла! Абийир, намысыңарды сактагыла! Атанын күчүн, эненин сүтүн, Колуңардан келсе, кечиктирбей актагыла!.. Эл деген, эсиңерде болсун, айланайындар, оюнчук эмес осолдордун колундагы - Аны кордоп, опузалап, омуроолоп ойногондой!.. Эл деген – сел болот токтолбогон, дайра болот тепселбеген!
Өзгөчө, Кыргыз эли.
Саламым менен, Карыбай Турусбеков
тел. 0704 200612
Булак: “Майдан. kg” гезити