www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын районунун аймагында милиция кызматкерлери тарабынан жугуштуу илдеттин алдын алуу, калк арасында жайылып кетүүсүнө жол бербөө, үй карантинин талаптарын, шарттарын туура аткарылышын көзөмөлдөө боюнча жергиликтүү саламаттык сактоо кызматкерлери менен биргеликте атайын графиктин негизинде иш-чаралар жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Нарын ОИИБнин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле санитардык мобилдик топтор да өз ишин тынымсыз улантып, жарандар арасында санитардык- эпидемиологиялыкнормаларды жана санитардык гигиеналарды так сактоосу боюнча Нарын районунун аймагында жайгашкан айылдарды кыдырып түшүндүрүү иштери күчөтүлгөн режимде жүргүзүлүүдө.

Бүгүнкү күндө Нарын РИИБнүн кызматкерлери, айыл өкмөт кызматкерлери, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун кызматкерлери менен биргеликте алдын алуу иштерин жүргүзүү менен түзүлгөн топ дүкөндөрдү, эл көп чогулган жерлерди, мечиттерди, ички каттамда эл ташыган таксисттерди жана жүргүнчүлөрдү тазалыкты сактоого чакырып жеринде профилактикалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости