www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын шаарынын жетекчилигинен коронавирус аныкталгандыктан, мэрия имараты 72 саатка жабылды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

"Жетекчиликтен вирус чыгып калганына байланыштуу имарат кечээ 72 саатка жабылды. Ал жерде Нарын райондук администрациясы да бар экен. Андыктан текшерүү иштери жүрүп жатат. Таза чыккандар аралыктан иштеп турушу керек", - деди Каратаев.

Эске салсак, Нарын облусу учурда эпидемиологиялык абал эң курч аймактардын бири. Бүгүнкү күндө облус боюнча вирус жуктургандардын саны 194кө жетти.

Акыркы маалыматтарга таянсак, Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 1243 болду. Анын ичинен 898и айыгып, 14 киши каза тапкан.

Булак: NazarNews.org

Последние новости