www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстанда «Ангрен шакар» кант заводунун жумушчулары президент Шавкат Мирзиёевге видеокайрылуу жасап, өндүрүлгөн жүздөгөн тонна кум шекер сатылбай, кампаларга жыйылып калганын билдиришти. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.
Алардын айтымында, буга сырттан келген айрым азык-түлүк товарларын, анын ичинде кум шекерди бажы төлөмдөрүнөн бошотуу чечими себеп болууда.
Президент 3-апрелде «Коронавирус пандемиясы маалында калкты жана ишкерлик субъектилерди колдоо боюнча кошумча чаралар тууралуу» жарлыкка кол койгондон кийин Өзбекстанга сырттан көп өлчөмдө кум шекер келген.
– Бир күндүн ичинде Казакстандан ири өлчөмдө сапатсыз кант алып келишти. Ал европалык стандарттарга жооп бербегендиктен, аны Европа сатып албайт. «Ангрен шакар» жана «Хорезм-шакар» кант заводдору 2017-жылдан бери европалык стандарттарга туура келген сапаттуу кум шекер өндүрүп келишет. Бирок азыркыдай шартта эл ишкерлер ташып келген сапатсыз, арзан азыктарды көп алып жатышат, — деди заводдун өкүлү.
Анын айтымында, бүгүнкү күндө жогорудагы эки завод тең иштеп жатат. Бирок жумушчулардын айлыктарын төлөө үчүн насыя алышканын, абал өзгөрбөсө ишин токтотууга аргасыз болушарын кошумчалады.
Өзбекстандын Антимонополдук комитетинин жетекчисинин кеңешчиси Манзура Хасанова жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн тынчсыздануусу негизсиз экенин, бийлик бардыгына бирдей шарт түзүү үчүн сырттан келген кум шекердин бажы төлөмүн алып салуу чечимин кабыл алганын билдирди.
Өлкөнүн кум шекер өнөн-жайын сактап калуу максатында президент 2018-жылы сырттан келген кантка карата 20% кошумча нарк салыгы киргизген.
Расмий маалыматка ылайык, Өзбекстандын кум шекерге болгон бир жылдык муктаждыгы 700 миң тоннаны түзөт.
Булак: NazarNews.org