www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин депутат Нурбек Тотоновдун иниси коронавируска чалдыкты деген маалымат чыккан. Буга байланыштуу жергиликтүү сайттардын бирине Токтогул райондук оорукансынын Н.Т. аттуу башчысы: “Өткөн жумада Россиядан келген айдоочулардын арасында депутаттын иниси Айбек Тотонов дагы бар болчу.  Ал анализдеринин жыйынтыгы чыкканча эле, тартипке баш ийбей Токтогулга келе бериптир.  Анализдеринде вирустун симптомдору бар деген жыйынтык чыккандыктан Токтогулдагы Жаңы-Жол аймагында жүргөн жеринен табылып,  Жалал-Абад шаарындагы обсервацияга алынды”-деп айтканын 18-майда жазып чыгышкан.

Бүгүн, 19-майда аталган депутат иниси тууралуу айткан дарыгерди телефон аркылуу чалып, статусун пайдаланып, жумуштан кетирээрин айтып коркутуп-үркүттү деп жазышты.

Бул тууралуу депутаттын өзүнө байланышканыбызда аталган дарыгердин айткан сөзүн четке кагып: “Орозо аяктап жатканда бирөөнү коркутуп-үркүтүү ниетим жок. Баарына Кудай тараза. Мен иним жөнүндө дарыгерлер менен сүйлөшө элекмин. Обсервацияга жатуу зарыл болсо, демек, бардык эрежелерди сактоо менен аны аткаруу керек.

Айрымдар учурдан пайдаланып, окуяга мени да кошуп, экөө чогуу чет өлкөдөн келген деп болбогон нерселерди жазып жатат”, - деп айтты. Ал эми дарыгерлик сырды ачыктап, интервью берген дарыгерди сотко берүү оюңуз барбы деген суроого: “Жок, баарыбызга Кудай тараза”, - деп жооп берди депутат.

Нурбек Тотонов стал новым депутатом парламента вместо Жамангулова

Бүгүн, 19-майда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев депутаттын иниси обсервацияга жатпай кетип калган деген сөздү четке кагып: "Эгер анализ оң жыйынтык көрсөтсө, ал эч качан жөн эле коё берилбейт. Учурда депутаттын иниси Айбек Тотоновдун илдетке чалдыкканы тастыкталып, ал ооруканага жаткырылган", - деп билдирди.

Булак: NazarNews.org

Последние новости