www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бизде дары-дармектерди сатканга уруксат берген мекеме бар, бирок дарылардын сапатын текшерген, баасын көзөмөлдөгөн орган жок», - деди бүгүн, 27-сентябрда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Нарынбек Молдобаев.

- УКМК фармкомпаниянын жетекчисин кармап, дарыларды жасалма кымбаттатканы боюнча маалымат тааптыр. Эми дары-дармек арзандайбы?

- Чындап эле дарылар ушунчалык кымбаттап кетти.  Үч эседен он эсе чейин кошуп сатышат деп жатышпайбы. Мен билгенден жок эле дегенде 4 эсе кошуп сатышат экен. Кээ бир дарыканаларда 14 эсе кымбат сата беришет.

Союздун мезгилинде дарыканалардын саны аз болчу. Ал турсун дарыканага кирсең, жымжырт болуп турчу. Эл дарыканага аз барчу. Азыр дарыканалардын көптүгүнөн башың айланат.

Бирок, кайсыл дарыканага кирсең да кезек күтөсүң. Элдин баары ооруп жатат. Эгер дарыканадан алган дарылар айыктырса, элдер мынчалык оорубаса керек деп ойлойм.

Негизи көп мамлекеттерде жасалма даары чыгаргандар атууга кетет. Бизде болсо дары-дармектерди сатканга уруксат берген орган бар, бирок дарылардын сапатын текшерген, баасын көзөмөлдөгөн орган жок.

Тагыраагы, чет мамлектетен келген жаңы дарыларды каттаган мекеме бар, бирок алардын сапатын текшерген орган жок. Чет мамлекеттен кымбат дарыларды алып келгенче өзүбүз жөнөкөй дарыларды чыгарган Фармакологиялык завод салсак болот эле. Же болбосо дары чыгарган фабрика салабыз деген инвесторлорду тартышыбыз керек.

Дарылардын баасын бир эле жолу текшерип койбостон, ар дайым көзөмөлгө алган дарылардын сапатын текшерген, коррупцияга аралашпаган, сатылбаган, элдин генефондуна кызыккан орган ар дайым иштеп турса, дарынын да баасы арзан, сапаты да жакшы болмок.

Азыр эскирип калган дарыларды алып келип жатышат. Врачтар дагы фармакологиялык компаниялар менен иштешип жатышат. Анткени, дары сатса, пайыз алат. Ошон үчүн доктурга барсаң, баланча деген дарыны ич деп айтат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости