www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясый серепчи Марс Сариев өлкөдөгү мурдагы жана азыркы бийлик өкүлдөрүнүн камалуусу, башаламандык уюштуруу аракеттери боюнча суроолорубузга жооп берди.

- Учурдагы массалык камоолор боюнча кандай пикирдесиз?

- Азыр орун алып жаткан камоолор кокустан болгон жок да. Себеби, шайлоонун алдында же шайлоодон кийин Кыргызстанда дестабилизация уюштуруу варианттар болгон. Иштеп жаткан бийлик кырдаалды примитивдүү түрдө алдын алууга аракет жасап жатат. Анткени экс-президент Алмазбек Атамбаевдин туулган күнүндө митинг болору айтылган.

Ушундан улам «өлкөдө башаламандык уюштурууга кызыкдар күчтөр бар» деп айтууга толук негиз бар. Коррупциялык иштер боюнча көптөгөн бийлик өкүлдөрү шектелип, кармалып жатат. Дагы кармалгандар болушу ыктымал. Ошондуктан аларда ресурс бар, бирок келечекке болгон ишеним жок. Сырттан дагы кызыкдар тарап болушу мүмкүн, бирок, азырынча сырткы күчтөрдөн ким буга ынтызар болуп жатканы белгисиз.

Андыктан тергөө органдары катуу иш алып барышы керек. Себеби, азыркы кармоолор негизсиз орун алып жатса, бул азыркы бийлик үчүн абдан жаман бүтөт. Алар кыска убакытта бийлигин жоготуп алышы дагы мүмкүн. Андыктан камалгандар боюнча факты бар деп ойлойм. Бирок, кайсы бир ишке тийешелүү катары шектелген фигуралар боюнча башка кеп. Маселен, Курсан Асанов жана башка камалгандар кандайдыр бир башаламандык уюштурууну пландаганынан шегим бар...

- Демек, айрым бийлик өкүлдөрүн, мурда чоң кызматта иштегендерди камоо – бул эскертүү...

- Ооба, балким, камоолор дестабилизацияны үзгүлтүккө учуратты. Менимче, азыр эл массалык түрдө көтөрүлбөйт, бирок кримчөйрөдөгүлөрдү, тарапташтарды, жердештерди чогултуп, митинг уюштуруу аракети болсо керек. Ресурстары жетишсиз сыпатталганы менен негизинен 10 миңге чукул адам чыкса деле бул өтө коркунчутуу. Себеби, Садыр Жапаровдон азрынча элдин үмүтү өчө элек.

Албетте, Жапаровду иш жүзүндө Ташиев менен чабыштыруу аракеттери ачык эле көрүнүп турат. Себеби, алар үчүн экөөнүн ортосундагы ажырым маанилүү. Ортолорунда пикир келишпестик орун алса, түндүк-түштүк, тарапташтары болуп эки жаатташып калышат. Ушул жагын чыңалтууга кызыккан күчтөр бар... Ал эми маданият өкүлдөрүнүн билдирүүсү сабатсыз, күлкүнү келтирген окуя болду.

- «Ички күчтөр башаламандык кылууга кызыкдар» деп жатпайсызбы, негизи ар бир саясый туруксуздук мамлекетке экономикалык жактан зыян алып келерин эске алганда, аларды мамлекеттин эртеңи кызыктырбайбы?

- Ооба, аларга баары бир. Себеби, бул жерде Кумтөрдүн иши турат, көптөгөн коррупцияга аралашкан чиновниктер бийликти жоготуп бараткандарын сезип жатышат. Тактап айтканда, элитанын алмашуусу орун алууда, алардын жарымысы элдин басымынан жок болуп бара жатат. Акыркы революциянын себеби ушул болгон да.

Ошондуктан алар баардык нерсеге даяр. Бул инвестициянын чыгып кетишине, ишенимдин жоголушуна алып келерин жакшы билишет, кризистин, ачкачылыктын, акчанын жетишсиздигинин, бензиндин баасынын өсүп кеткенинин фонунда адамдар нааразычылыкка чыгат (!) деп күтүп жатышат. Бензиндин баасынын көтөрүлүшү дагы кооптуу жагдайды жаратты. Россия бизге квота бербей жатат, бул дагы жакшы эмес.

Бакиевди бийликтен кетирерде дагы Россия нефти продукцияларын бизге ички баа менен берүүнү токтотушкан. Мунун баардыгы тынчсызданууну жаратат. Балким, алар экономикалык пайдага карагандыр, же Тажикстан, Афганистанга өтүп жаткан контрабанданы эске алышкандыр, ошондой болгон күндө деле Россия Кыргызстанда тынчтык болушуна кызыкдар болушу керек эле. Бизге берилген жеңилдиктерди өзгөртүп, күйүүчүмайлоочу майдын баасы өссө, эл арасында нааразычылыктар күчөй турганын Россия абдан жакшы билет. Мен сырткы кызыкдар тарап Россия экенин айткым келбейт, бирок мени ушул суроо кооптондурууда...

- Азыркы иштеп жаткан президенттин аракеттерин кандай баалап жатасыз?

- Президентке элита чөйрөсүндө колдоо болбой жатат. Себеби, биздин саясый элитанын басымдуу бөлүгү коррупциялык системаларга аралашкандар. Жапаровдо азырынча элдин колдоосу эле бар, көпчүлүк анын убадаларын күтүп, кыйынчылыктарга чыдап келатат.

- Ташиев менен Жапаровдун ортосунда ажырым жок деп ойлойсузбу? -- Менимче, кандайдыр бир тирешүүлөр айланасында орун алууда. Бул сөзсүз боло турган нерсеби? Анткени буга кызыкдар күчтөр бар. Эгерде Жапаров менен Ташиевдин мамилеси бузулса, экөө тең саясый өңүттө зыянга учурай турганын алар жакшы түшүнүшөт.

Булак: Азия News гезити

Последние новости