www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстан мурда кармалган кыргыз жаранын бошотту

Кечээ, 27-сентябрда Кыргызстандын Баткен облусу менен Тажикстандын Согдий облусунун башчыларынын жана тараптардын чек ара жетекчилеринин сүйлөшүүсүнөн кийин Кыргызстандын жараны Уразбек Мирзоев кыргыз тарапка өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Жаран У.Мирзоев Кыргызстанга «Кулунду – унаа жолу» чек ара бекети аркылуу келди. Кыргызстандын тиешелүү органдары териштирүү иштерин жүргүзүүдө.

Белгилей кетсек, бүгүн Тажикстандын атайын кызматы келинчеги менен коңшу өлкөгө барган Баткен облусунун жашоочусун кармап калган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости