www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Садыр Жапаров: «Кумтөр» - бүгүн деле ыйлап турат»

Садыр Жапаровдун депутаттык комиссиясынан кийин, Темир Сариев башында турган өкмөттүк комиссия түзүлдү. Биздин экологиябызга зыян келип жаткандыгы, Садыр Жапаровдун айткандары баары туура экендигин аныкташты. Эмне чара көрүштү, эч кандай чара көрүшкөн жок. Кумтөрдү кыргыз элинин пайдасына иштетебиз деп Саруунун бир нече жигиттери түрмөдө отурушат.

Кумтөр маселесин чечем деп Жантөрө Сатыбалдиев премьерлик кызматка келди. Кумтөрдү 50-50 пайыз менен башкарабыз деп чыгышты. Теледен 50-50 пайыз болгондо Кыргызстанга эбегейсиз зор пайда түшөт деп күнүнө 5-6 жолудан көрсөтүштү.

Жогорку Кеңештин депутаттары 50-50 пайыз туура эмес, тарыхый келишимге алып келишибиз керек. Кыргызстандын пайызы 67, Канадалыктардыкы 33 болуш керек деп чыгышты. 50-50-пайыз дегени биринчи жолу Жогорку Кеңештен өткөн жок.

Кайра-кайрадан иштеп келишип ошол эле 50-50 пайызды өткөзүштү. Ал ортодо Жантөрө Сатыбалдиевдин Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясын жетектеп турган мезгилдеги үйлөрдун сапатсыз курулгандыгы, акча кара жаттарынын 11 млрд сомдон, жарымына кагаз жүзүндө отчет бере албагандыгына байланыштуу аны кызматтан кетиришти.

Андан кийин тандаган тазга, - тайгылат музга» деген сыяктуу ага чейин Премьер-министрдин биринчи орун басары болуп иштеген Жоомарт Оторбаевти алып келишти, ал эмне кылды сүйлөшүп жатабыз деп жүрүп, акыры 50-50 пайыз дагы Кыргызстанга жакшылык алып келбейт экен андан көрө директорлор кеңешинин мүчөлөрүн өзгөртөбүз деп жаңылык киргизип жиберди.

Бизди колдойт деген адамдары көп өтпөй эле Центерраны колдоп кетишти. Мына ушинтип Кумтөр маселеси орду нан бир карыш да жылбай, Жомарт Оторбаев дагы кызматынан кетти.

Ордуна убагында өкмөттүк комиссияны жетектеген Темир Сариев келди. Келгенден бери Кумтөр боюнча аракет кылмак турсун ооз, эксперттерге деп бир канча акча коротуп, Балыкчы-Корумду жолункурууда коррупциялык иштерге аралашкан деген Парламенттик комиссиянын жыйынтыгы менен кызматынан кетти.

Бирок кылмыш жоопкерчилигине тартылган жок. Президент А. Атамбаев айткан коррупцияга каршы катуу сокку урабыз деген урааны ушулбу деп таң калам.

Бүгүнкү күнкү бийлик КУМТӨР маселесин чечүүдө алсыз экендигин ачык көрсөттү. Ал учурда юридикалык жактан да, материалдык жактан да, моралдык жактан да, Садыр Жапаровдун КУМТӨРдү дененсация жолу менен Кыргыз Республикасынын менчигине алалы дегени эң туура экендигин тарых далилдеп койду. Андан бөлөк жол жок экендиги да айдан ачык болуп калды.

Шарабидин Токтосуновдун «Садыр жана чындык» китебинен алынды 2018-жыл

Булак: NazarNews.kg

Последние новости