www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Текебаев Атамбаевди үй камагына чыгаруу керектигин айтты

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев учурда абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин камакта кармалып турушу боюнча пикирин "Новые лица" басылмасына курган маегинде билдирген.

Анда Текебаев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди жактырбасын ачык айткан:

"Мен Атамбаевди жактырбайм, бирок азыр объективдүү оюмду айтып коюшум керек. Мендеги маалыматтарга караганда, Алмазбек Атамбаевге карата айыптоочу чечим же токтом жок. Атамбаев соттолгон жок. Ошондуктан, аны эки жыл түрмөдө кармап отуруу ынанымсыз. Алмазбек Атамбаев кылмыш мыйзамдары жол бергендей - коомго коркунуч келтирбегени, тергөө ишине терс таасирин тийгизбегени үчүн үй камагына чыгарылууга тийиш".

Өмүрбек Текебаев учурда абакта отурган Алмазбек Атамбаевге ден соолук, темирдей бекем нерв жана чечкиндүү күрөштү каалаган.

"Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев 2017-жылы февралда, Алмазбек Атамбаев Кыргызстанды башкарып турган тушта камакка алынган. Өмүрбек Текебаев менен мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Дүйшөнкул Чотонов 2017-жылы "Мегаком" иши боюнча "орусиялык жарандар Леонид Маевский менен Алексей Модинден пара алган" деген көрсөтмөнүн негизинде айыпталып камалып, ар бири 8 жылдан түрмөгө кесилген.

Жогорку сот 2019-жылы ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу карап, мурдагы чечимдердин баарын жокко чыгарган. Бишкектин Биринчи май райондук соту быйыл 13-апрелде Өмүрбек Текебаев жана Дүйшөнкул Чотоновду толук актаган.

Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев 2019-жылы 7-8-августтагы Кой-Таштагы окуя боюнча кылмыш иши боюнча айыпталып камакка алынган.

Алмазбек Атамбаевге мурдагы президент Сооронбай Жээнбековдун тушунда жалпы беш кылмыш иши козголгон. "Батукаев иши" боюнча Атамбаевдин сот өкүмү 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин жокко чыгарылып, кайра кароого жиберилген.

Алмазбек Атамбаевге дагы эки жаңы кылмыш иши козголгон. Жакында эле ага 2020-жылдын 5-6-9-октябрдагы башаламандык боюнча кылмыш иши тууралуу билдирме тапшырылып, Түркиялык 10 жаранга кыргыз жарандыгын берүү боюнча кылмыш ишинин айыбы угузулган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости