www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Текебаевдин депутаттагын жөнүндө сөз кылсак түз эле СССРге кирип барабыз. 1989-жылы Кыргыз ССРинин Жогорку Советине шайлоо болот, Базар-Коргондук жаш мугалим Текебаев парламентке келет. 1995, 2000, 2005-жылы Акаевдин мураскери Текебаевге күн төгүлүп турат. «Ата-Мекен» партиясы менен шайлоого аттанган 2007-жылы Темир Сариевдин «Ак Шумкары» менен кошулуп, жыдып, коомдук парламент түзүшөт. 2010-жылы Убактылуу Өкмөт менен бийликке келген Текебаев парламентке бир аз добушу жетпей калса да сүрөп өткөрүп коюшкан. 2015-жылы  Мырзакматовдун «Улуттар Биримдиги» партиясынын күчү менен парламентке келет. 2020-жылы Темир Сариев, Жанар Акаев, Рыскелди Момбековдор менен биригип күрөшкө аттанат. Сариевди кубалап ордуна Элвира Сурабалдиева, Ким Ин Сен, Абылкасым Шерниязовдор кошулган.Бул шайлоодо Өмүрбек Текебаев баштаган топ жеңилип, башаламандыктарга орун берилген. Анын парьтитясындагы Тилек Токтогозиев министрлик орунга жетип айыл чарбасын жүдөткөн. Эми сегизинчи шайлоого Курсан Асанов менен аттанууга даярданып жаткан. Анысы түз эле ээрден шыпырылды. Жанар Акаев, Рыскелди Момбековдор Атамбаевди көздөй чуркап кетишкен, Темир Сариев камакта. Эмне Текебаев бул шайлоого Ким Ир Сен менен барабы Ким Ин Сен менен барабы?

Жер тыңшар Мамыттын сөзүн жазган:  Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости