www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Салыктын эсебинен да, Акылбек Жапаров айткан көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруудан да аталган каражатты тапса болот", - деди бүгүн, 30-октябрда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Нарынбек Молдобаев
-Нарынбек мырза, Акылбек Жапаровдун келерки жылы бюджетти 400 миллиардга көтөрөм дегени реалдуубу? Эмнеге анын бул сөзүнөн бизнесмендер чоочуп кетти?
-Чыны менен коомчулукта Акылбек Жапаров келерки жылкы бюджетти 400 миллиард сомго чыгара алабы деген суроо чоң талкууну жаратып жатат. Бири ишенсе, ага көпчүлүк адам ишенбей жатат. Экономиканы түшүнгөн адам катары айтсам, өкмөт жакшылап иштесе, ал сумманы тапса, чогултса жыйнаса болот.
-Ал сумма элдин эсебинен чогулабы? Ошон үчүн Акылбек Жапаровдун программасын укканда бизнесмендер чоочуп кеттиби?
- Салыктын эсебинен да, Акылбек Жапаров айткан көмүскө экономиканы ачыкка чыгаруудан да аталган каражатты тапса болот. Айтайын дегеним, биздин бюджет жалпы жонунан салыктан жана бажы төлөмүнөн куралат. Ошон үчүнбү эмнегедир бизнесмендер министрлер кабинетинин башчылыгына бекип жаткан адамдын программасын укканда көпчүлүгү бюджетти кантип 400 млрд сомго көтөрөт деп чоочуп кетти.
Эл деле кантип көтөрөт. Жонубуздан кайыш тилбейби, салыктын башка түрлөрүн киргизип жибербейби деп Акылбек Жапаровду мактаарын же ага унчукпай коёрун билбей ыңгайсыз абалда калды. Бирок, Президент Садыр Жапаров ал каражатты алтын кендерин иштетип тапса болоорун айтып, элге так маалымат жеткиргендей болду. “Мындан ары алтын кендерди өзүбүз иштетип, андан түшкөн каражаттар менен бюджетти көтөрөбүз” деди. Туура айтты.
Бирок, алтын кендерди качан иштетебиз. Андан качан пайда таап баштайбыз деген да маселе бар. Айтайын дегеним, 1 куб алтын рудадан 4 грамм алтын чыкса, аны кирешелүү десек болот. Бирок, аны казганга чейин айткан убаданы аткарып, бюджетти толтуруш үчүн эмне кылыш керек деген да жагдай бар.
-Акылбек Жапаров ага чейин көмүскө экономиканын эсебин көтөрөбүз дегендей болду го?
-Ооба, бизде көмүскө бизнес да абдан чоң. Элдер көмүскө бизнестен абдан чоң каражат таап жатышат. Бирок, мамлекетке бир тыйын да төлөшкөн жок да. Мисалы, машина оңдоп жаткандар патент гана төлөшөт. Мен башымдан өткөндү айтайын. Кээде эмеректердин сыртын жаңырткандар да аябагандай чоң каражат табышат. Мисалы, бир жылда бир жолу мебелдин сыртын алмаштыргандарды чакырсаң, баарын жаңыртып, ири суммаңды алып кетет.
Ошондой эле курулуп жаткан ар бир курулуштан жылуулук системасын киргизгендер да оңой эмес каражат табышат. Алар бир үйдүн жылуулук системасын киргизээр замат бир канча миллион сом алышат. Мисалы, өткөндө машинелердин чехолун тиккен жерге барсам, бир да жазуусу жок экен. Бирок, машиналар кезек күтүп турушуптур. Ошон үчүн алардын патент төлөөрүнөн да шегим бар.
Ал үй кадимки эле цех экен. Бир чехолду 150 доллардан 450 долларга чейин тигишет экен. Алар салык турсун башкасын төлөөрүн кудай билет. Мен жөнөкөй эле нерселерди айтып жатам. Мисалы, башка мамлекеттерде ырчылар, тамадалар да салык төлөйт. Азыр атактуу ырчыларды тойго чакырсаң 500-600-1000 долларга чейин алышат. Алар бир сом да салык төлөбөйт.
Бирок, социалдык тармактарыбызды пайдаланышат. Мисалы, аларды милициялар кайтарат. Ошондой эле балдарын мамлекеттик мектепке окутат, бала бакчага берет. Бирок, укмуштуудай каражат табышат. Ушул жагынан да мамлекет пайда тапса болот. Кыскасы, көмүскө экономиканы сыртка алып чыкса, сөзсүз жакшы жыйынтыгын берет.
Булак: NazarNews.kg