www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews маалымат агенттиги экс-депутат Нарынбек Молдобаев менен баарлашып, жаңы өкмөттүн курамы жана люстрация тууралуу пикирин уктук.
- Нарынбек мырза, Садыр Жапаров премьер-министрлик кызматты өткөрүп бергени, коомчулукта өкмөт башчы кандай критерийде тандалышы керек деген маселе жаралды. Бири түндүк-түштүк деген жазылбаган мыйзам иштеши керек десе, бири адискөйлүккө басым жасалышы керек деген ойлорун айтууда. Бу сапар өкмөт башчыны кайсыл критерийде тандасак жаңылбайбыз?
- Өкмөт башчыны сөзсүз эле түндүк-түштүк деген критерийде тандоонун кажети жок. Анткени, Президент кайсыл облус болбосун баарына улуу, кичүү баласы сыяктуу мамиле кылат. Ошондуктан, өкмөт башчылыкка талапкерлерди жерлигине эмес, иш билгилигине, экономиканы түшүнгөнүнө карап тандашыбыз зарыл. Өкмөттүн негизги жумушу бюджетти толтуруш жана туура пайдалануу. Бюджеттин негизги бөлүгү болсо, салык менен бажыдан топтолот. Ошон үчүн экономиканы түшүнгөн, адисти премьер-министр кылып шайлашыбыз керек. Маселен, премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Новиков жаш болсо да иштеп, салык тармагын түшүнүүгө аракет кылып, контролдук кассалык аппараттарга көз каранды болбой, каражатты башка жактан да издейли деген орундуу сунуштарын айтып жатат. Ошондой эле, бажыканаларды да кыдырып, онлайн режиминде иштебей жаткан компьютерлерге чейин кийлигишип, калпыстыктарга жол бербөөнүн аракетин жасай баштады. Мен ойлойм эмки премьер-министр да экономиканы түшүнгөн, бюджетти толтуруунун жолун билген, Новиковдой ишине тың, баарын көзөмөлдөй алган, жоктон бар кылган адис болушу керек.
- Өкмөт мүчөлөрүн да өзгөчө тартип менен тандашыбыз керекпи?
- Албетте, жогору жактагылар өкмөт мүчөлөрүн да өзгөчө талап менен тандаса, элдин ишенимин актаган болушат эле. Менин түшүнүгүмдө жаңы өкмөттүн курамына жаман атты болгон, соттолгон, ичип, жеп кеткен эл жээриген адамдар болбошу керек. Менин эсимде азыр иштеп жаткан министрдин орун басарын учурунда үстүнөн толтура арыздар түшүп, комиссия түзүп атып, кызматтан кеткен. 5-6 жыл өтпөй дагы эле министрдин орун басарлыгы кызматын аркалап отурат.
Жаңы бийлик ошондой репутациясы бузулган кишилерден оолак болушса жакшы болмок. Ошондой кишилер кызматка тартылган сайын жаңы бийликтин аброю түшөт. Ошон үчүн министрлик кызматтарга жашына карабай таза, адискөй дээринде бар, такшалган, профессионалдарды тартыш керек. Буга чейин өзүңөр деле билесиңер кесиби боюнча курулушчу бирок, Айыл чарба министри болуп иштеп жаткан адамдар болду. Мына ошондой нерсенин кесепети да тийип, мамлекетибиз кыйын абалга кептелди. Билими, адистиги да туура келбеген кишилерди дайындап коюп, элди иренжитип, мамлекетти артка тартышты. Бу сапар тууганчылыктан алыс болуп, кайсыл кызмат болбосун чыныгы адистерге басым кылсак, баары калыс болот. Керек болсо министрликтин өзү дагы иштин чоо-жайын түшүнгөн чыныгы адис келди деп, өзгөчө кубанышат.
- Жаңы бийликтин колунан люстрация кылуу, бийликти ичип-жегендерден тазалоо келеби?
- Люстрацияны өзүнчө мыйзам сыяктуу кабыл алып, ишке ашырса болот. Люстрация кылуу азыркы бийликтин да колунан келет. Бирок, бир бармагын тиштесе, бир бармагым зыркырайт болуп, бул жерде туура эмес подход болуп калса. Ак жеринен күйүп кеткендер да болот. Даана люстрацияга кабыла тургандар көмүскөдө калып, ак жеринен күйүп кеткендер болушу мүмкүн. Люстрацияны да күнөөсүн далилдеп, анан кылбаса муну ишке ашыруу чыны менен кыйын.
Булак: NazarNews.kg