www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ак-Талаа райондук соту Жазык кодексинин 355-беренесинин 2-бөлүгү (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) менен айыпталган Жеңишбектин (аты өзгөртүлдү, Ж.Э.Т.) жазык иши боюнча материалды карап чыкты. Өкүм 24-июлда кабыл алынды.

Жеңишбек Ак-Талаа районунда туулган. Билими орто, үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы, убактылуу эч жерде иштебейт. Мурда сот жообуна тартылган эмес.

Айыпталуучу Жеңишбек Кыргызстанда COVID-19 илдетине байланыштуу өзгөчө кырдаал режими киргизилип, Нарын облусунун ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жаткан учурда, тактап айтканда 14-майда айылдан унаасына сегиз жүргүнчү салып алып Нарын шаарына бара жаткан. Кырдаалга байланыштуу уюштурулган постко жетип токтоп, тиешелүү документтерин көрсөткөн. Ошондо Нарын ОИИБ боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн кызматкери: «Эмне үчүн автоунааңызга ашыкча киши салып алдыңыз? Документтериңизди бериңиз» деп айткан. Бирок Жеңишбек анын талабына баш ийбей, каршылык көрсөтүү менен жаман сөздөр менен сөгүнүп, өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирбеген зомбулукту колдоном деп коркутуп, аталган кызматкердин мурдун тыткан. Ошондой эле баасы 513 сом 45 тыйынды түзгөн кызматтык жилетин айрып, жаракат келтирилген.

Сот отурумунда айыпталуучу Жеңишбек угузулган айыбы боюнча күнөөсүн толугу менен мойнуна алды. Анын айтымында, 2020-жылдын 14-май күнү Нарын шаарына кудасынын кыркылыгына куран окутканы атасы, карындашы, күйөө баласы, жеңеси, келинчеги болуп 7 орундуу унаасы менен жолго чыккан. Жолдон эки киши салган. Ак-Тал айылынын кире беришинен посттон токтоп, маалымдама кат боюнча унаадагы 6 кишини каттаткан. Андан кийин унаасын от алдырып, кетейин деп жатканда ЖКККБ кызматкери — жабырлануучу келип, «документтериңизди көрсөтүңүз» дегенде, «кайра-кайра эле документтерди көргөзө беремби? Жаңы эле көргөзбөдүмбү, бербейм» деп айткан. ЖКККБ кызматкери: «Унаада канча киши бар. Кайра келе жатканда сени өткөрбөйм» деген. Ошол кезде Жеңишбек ачууланып, жини келип тургандыктан «сен кимсиң?» деп айтыша кеткен. Жабырлануучу унаанын ичин карап, «ашык киши салып алыптырсың. Документтериңди бер» деген. Айыпталуучу унаага отуруп, ЖКККБ кызматкерин «ары турчу» деп бет жагына түрткөн. Андан кийин экөө кайра түртүшүп баштаганда жабырлануучунун баш кийими ыргып, жашыл түстөгү жилети айрылып калган. Андан соң, ашык киши салганы боюнча протокол түзүлүп, айып пул салынган.

Айыпталуучу Жеңишбек жасаган кылмышына өкүнүп жатканын, 5 балалуу экенин, бир баласы майып экенин айтып, жеңил жаза чектөө менен мунапысты колдонууну суранды.

Сот отурумунда жабырлануучу болгон ЖКККБнын кызматкери Ж.К.А.нын айтымында, өзгөчө кырдаалга байланыштуу Ак-Тал айылынын кире беришиндеги постко бөлүнгөн. 2020-жылдын 14-май күнү Ак-Талаа районуна кирип-чыккан автоунааларды тосуп, ичиндеги жүргүнчүлөрдү көзөмөлдөп жаткан. Саат 10:30 чамасында «Тойота» үлгүсүндөгү автоунаасы токтоп, айдоочусу кирип-чыккан кишилерди каттап жаткан жерге барып катталган. Ошондо андан «унаада канча киши бар?» деп сураган. Ал «алты киши бар» деп жооп берген. Бирок автоунаада ашык киши бар экенин байкагандыктан «ашык киши салып алыптырсыз. Сизди өткөрө албайм» деген. Айыпталуучу: «Эмнеге өткөрбөйсүң? Сен кимсиң?» деп, уят сөздөр менен сөгүнүп баштаган. Кызматкер: «Сөгүнбөңүз» деп айтса дагы болбой койгон. Андан кийин автоунаанын ичин караган. Анда сегиз киши болгондуктан «документтериңизди бериңиз» деген. Айыпталуучу: «Кайра-кайра эле текшерте беремби, документтеримди бербейм» деп жабырлануучуну жулкулдатып, бетин апчып, андан кийин түртүп жиберген. Анын кесепетинен мурдунун үстү тытылып, кийип жүргөн жилети айрылып калган.

Айыпталуучу такыр баш бербей койгондуктан ыкчам топ чакырылып, ашыкча киши салганы боюнча протокол толтурган.

Жабырлануучу жеңил жаракат алганын көрсөтүп, мыйзам чегинде жаза чектөөнү суранды.

Айыпталуучу Жеңишбек Жазык кодексинин 355-беренесинин 2-бөлүгү (Бийлик өкүлүн коркутуу же ага карата зомбулук) менен күнөөлүү деп табылып, 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылды.

Кыргыз Республикасынын «1941-1945-жылдардагы Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 75 жылдыгына жана 2010-жылдагы Элдик Апрель революциясынын 10 жылдыгына байланыштуу мунапыс жөнүндөгү» мыйзамынын 1-беренесинин 1-бөлүгүнүн 4-пунктунун негизинде эркиндигинен ажыратуу түрүндөгү жазадан бошотулду.

Өкүмгө нааразы тарап 30 сутка ичинде Нарын облустук сотуна апелляциялык даттануу жана сунуш келтирүүгө укуктуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости