www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунда топтолгон тоютту башка аймактарга сатууга чектөө коюлууда. Мындай кадам азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана тоют жетишсиздигин алдын алуу максатында болгонун министрлер кабинетинин аймактагы өкүлчүлүгүнүн маалымат кызматы билдирди. 

Облус жетекчиси Сабыркул Ашимбаев бардык райондордун акимдерине тапшырма берип, маселени көзөмөлгө алууда. Учурда Нарындан башка аймактарга чөп сатууну токтотуу үчүн жергиликтүү бийлик тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Маселени дыйкан-фермерлер да туура түшүнүп, эске алуулары зарыл.

Бүгүнкү күндө облуста тоют топтоо өнөктүгү кызуу жүрүп, биринчи чабыкта 9 149 гектар аянттагы чөп чабылды. Топтолгон тоют 30 085 тоннаны түзөт. Жалпысынан 80 283 гектар жердеги чөп жыйналышы керек. Азыркы күндө анын 11 пайызы чабылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости