www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Нарын облустук бириктирилген ооруканасында суюк кычкылтекти стационарларга жеткире турган борбордук систем курулуп, ишке берилди. Бул тууралуу республикалык штаб билдирди.
Мындай систем кычкылтек концентраторлорун жана кычкылтек баллондорун алмаштыра турган жогорку сапаттагы медициналык тейлөөгө шарт түзөт. Суюк кычкылтек менен оорукананын ангионеврология, провизор, терапия, жугуштуу оорулар, кардиология бөлүмдөрүндөгү бейтаптар камсыздалат.
Кыргыз өлкөсүндө жакын арада гана пайда болгон кычкылтек станциясын куруу үчүн мамлекет тарабынан 5 миллион сомдун тегерегиндеги каражат жумшалган. Бул ишти “Бишкек Тех Газ” ачык акционердик коому ишке ашырды.
Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын директору Чыңгыз Нарынбеков: “Борборлоштурулган суюк кычкылтек станциясынын коюлушу бейтаптарды дарылоодо абдан чоң жеңилдик бере баштады. Себеби бул станция аркылуу ар бир бейтап 99 пайыз суюк кычкылтек менен камсыз болот. Мындагы кычкылтектин запасы колдонууга жараша 1-2 айга жетери болжолдонууда”, - деп белгиледи.
Булак: NazarNews.kg