www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунун Жумгал райондук суу чарба башкармалыгынын жетекчилиги кызматкерлердин эмгек акыларын мыйзамсыз пайдаланганы аныкталды. Бул туралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Нарын облустук прокуратурасы тарабынан Жумгал райондук суу чарба башкармалыгынын жооптуу кызмат адамдары кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланганы аныкталды. Алар өздөрүнө пайда табуу жана материалдык артыкчылыктарды көрүү максатында, мекеменин каржылык жана бухгалтердик иш кагаздарын жасалмалоо аркылуу, айрым кызматкерлердин эмгек акы төлөө карталык эсебине каражаттарды которуу жолу менен банк аркылуу чыгарып, өз кызыкчылыгына пайдаланган.

Натыйжада кызмат адамдардын кылмыштык аракеттеринин кесепети менен мамлекетке ири өлчөмдө материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча 320-берене (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, азыркы учурда тергөө аракеттери башталды жана мыйзамсыз ыйгарылып алынган жалпы суммасы 3 миллион 62 миң 330 сом акча каражаты мамлекеттин эсебине кайтарууга тийиштүү иш-аракеттер жүргүзүлүүдө", - дешти прокуратуранын маалымат кызматынан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости