www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Твиттердеги билдирүү 3 миллион долларга сатылды

Твиттер социалдык тармактын негиздөөчүсү кол койгон биринчи "твит" баалуу буюмдар аукциондо 2 миллион 900 миң доллардан ашык акчага сатылып алынды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, ауциондогу соодалашууну жеңген "Bridge Oracle" компаниясынын башкы директору Хакан Эстави болду. Ал бул виртуалдык менчик үчүн 2 миллион 900 долларга чукул каражат төлөгөн. Ал акчанын бардыгы COVID-19 пандемиясынын шартында Африка элдерине кайрымдуулук жардамына жумшалат.

Биринчи "твитти" Твиттер социалдык тармагынын негиздөөчүсү Жек Дорси 2006-жылы 21-мартта 15 жыл мурун жасаган. Бул посттун мазмунунда "Менин твиттеримди жөндөө" деп жазылган.

Кызыгы, бул "твит" аукционго биринчи жолу 2020-жылдын 15-декабрында сунушталган. 19-декабрдан 21-декабрга чейин анын баасы 1 доллардан 3 миң 500 долларга чейин жогорулаган. Бирок 27-декабрда акыркы катышуучу сунушун кайтарып алып, аукцион кайрадан башталууга аргасыз болгон.

15-февралда биринчи твитке кайрадан 1 доллар сунушталган. Андан кийин 6-мартта бир күндүн ичинде анын баасы 2 миллион 500 миң долларга көтөрүлүп, 22-мартта соодалашуунун акыркы катышуучусу Хакан Эстави өзүнүн сунушун 2 миллион 900 миң долларга көтөрүп, виртуалдык лотту алып, лидерлигин бекемдеди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости