www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 27-январда Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын дарыгерлери ведомстволор аралык комиссиянын коронавирус боюнча жыйынтыгына нааразы болуп, профессор Талант Сооронбаевге карата коюлган дооматтар негизсиз экенин билдирип, маалымат жыйын өткөрүштү.
Ага Нарын облустук бириктирилген ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Калбүбү Касмалиева, кардиология бөлүмүнүн башчысы Элмира Алкожоева, пульмонология бөлүмүнүн башчысы Нурайым Жакыбалиева катышты.
Жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Калбүбү Касмалиева буларга токтолду.
«Бул жакка келгенимдин себеби, профессор Талант Сооронбаев боюнча туура эмес көрсөтмөлөр берилген. Чынында коронавирус башталган убактан бери дарыгерлер күнү-түнү эл кызматында болдук. Профессор Талант Сооронбаев келбесе дагы бизге телефон аркылуу байланышып, көрсөтмөлөрүн берип жатты», - деди ал.
Ал эми кардиология бөлүмүнүн башчысы Элмира Алкожоева коронавирус илдети күчөгөн маалда дарыгерлер өздөрү дагы ооруп, өзүнүн бир тууган агасы кайтыш болгонун билдирди.
«Ведомстволор аралык комиссия дарыгерлер коронавирус илдети күчөгөн маалда туура эмес иштеди дегени туура эмес. Комиссия оорунун кантип алдын алабыз деп айткандын ордуна дарыгерлерди жамандаганы туура эмес. Талант Сооронбаев деле өз билгенин кылып, протокол түзүп берген жок да. Ал чет мамлекеттердин колдонгон ыкмаларынын негизинде көрсөтмө берип жатты. Чынында бул ооруну кайсыл дары менен дарылоо керектигин эч ким билген эмес. Эгерде ошондо комиссия туура дарылоо жолун билген болсо, бизге айтып, көрсөтмө берсе болмок.
Биз дарыгерлер кызыл зонада күн-түн дебей иштеп жүрдүк. Айрым дарыгерлер компенсация да алган жок», - деди ал.
Булак: NazarNews.kg