www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Самара Каримова өзү арыз жазып, кызматтан баш тартышы керек болчу. Биз ушул багытта аракеттендик. Кудайга шүгүр, бул жыйынтыгын берди», - дейт Нуржигит Кадырбеков. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министри бүгүн, 27-январда өзүнүн Instagram баракчасына жазды.

«Салам алейкум, урматтуу замандаштарым. Белгилүү ырчы кыздын Ош шаарындагы музыкалык окуу жайга жетекчи болуп дайындалышы боюнча бир топ резонанс болду. Министрликке жана мага карата ачуу сындар айтылды. Бир топ окурмандарым жана угармандарым жеке баракчама жазышты. Ошого байланыштуу маалымат берейин.

Биз мыйзамды сыйлап, соттун чечимин аткардык. Сот жараянына катышкан юристтин жана кадр маселесин тейлеген статс-катчынын жүйөөсүн угуп, маселени таразалап буйрук чыгардык. Бирок, коомчулукта бул чечимди колдогондордон сындагандар көп болду. Окуу жайдын жамааты да жаңы жетекчини кабыл алган жок.

Биз эл-журтубуздун пикирин сыйлайбыз. Эл менен элбиз. Деген менен, коомдук пикирди негиз тутуп, чечкиндүү кадам кылганга эмгек мыйзамы жол бербейт экен.

Маселени тез жана биротоло чечүүнүн бир гана жолу бар эле. С. Каримова өзү арыз жазып, кызматтан баш тартышы керек болчу. Биз ушул багытта аракеттендик. Кудайга шүгүр, бул жыйынтыгын берди. С. Каримова арызын жазды. Аны кызматтан бошотуу боюнча буйрукка мурдагы күнү кол койдум. Ордуна окуу жайдын жамаатынан жаш кадрды үч айлык сыноо мөөнөтү менен дайындадык. Маселе тез жана жакшылык менен чечилди. Пенде каталуу... Буюрса, баары жакшы болот», - деп жазган ал.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости