www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 27-январда Конституциялык кеңешменин жыйыны өтүп жатат. Анда адам укуктары боюнча секциясынын мүчөлөрүнүн бири "Кыргыз жолу" коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев "өлүм жазасын убактылуу киргизүү" боюнча сунушту добушка коюуну төрага Бекбосун Бөрүбашевден талап кылды. Кеңешменин көпчүлүк мүчөлөрү бул сунушка каршы чыкты. Алар мындай норманы кабыл алуу адам укуктары боюнча өлкөнүн саясатына туура келбегендигин билдиришти.

Жыйынтыгында "өлүм жазасын убактылуу киргизүү" боюнча сунуш добушка коюлуп, аны эки гана адам колдоду. Калгандары "каршы" добуш беришти.

Президенттин милдетин аткаруучу, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов 20-ноябрда Конституциялык кеңешме түзүү боюнча жарлыкка кол койгон. Кеңешменин курамына илимий чөйрөнүн, жарандык коомдун, өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрү, укук таануучулар, депутаттар, эксперттер жана башкалар кирип, Кыргыз-Орус Славян университетинин эл аралык конституциялык укук кафедрасынын жетекчиси, юридика илимдеринин доктору, профессор Бекбосун Бөрүбашев жетектеген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости