www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев парламенттик шайлоонун жыйынтыгынын жокко чыгышына күнөлүү партияларга күрөө кайтарылып берилбеши керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 27-январда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

--"Эмне үчүн мыйзам бузган партиялардын күрөөсү кайтарылып берилиши керек? Ошолордун айынан шайлоо таанылбай жатат. Күнөөсү бар партиялар экинчи жолу шайлоого бара албайт деген, Конституциялык мыйзамда бар. Мыйзам долбооруна күнөөлүү деп табылган партиялардын күрөөсү берилбеш керек деген сунушту киргизсек кандай болот?" - деп сурады депутат.

Жогорку Кеңеште шайлоолор жараксыз деп табылган учурда президенттикке жана депутаттыкка талапкерлердин тизмесин киргизген саясий партиялардын шайлоо күрөөлөрүн кайтарып берүүгө багытталган, мыйзам долбоору каралды.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Улугбек Ормонов биринчи окууда мыйзам долбоорунун концепциясын колдоп берүүнү суранды. "Бир партия күнөлүү деп соттун чечими менен айтсак болот. Экинчи окууга сунуш бергиле, талкуулайбыз", - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости