www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарында уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 27-январда Биринчи май РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

25-январда болжол менен саат 15:00 чамасында «Караван» соода борборундагы дүкөндөрдүн бирине кирген аял киши кассадагы 27 миң сомду уурдап кеткен.

Жабырлануучулар милицияга кайрылып, аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин 200-беренеси (Уурдоо) менен катталган.

Биринчи май РИИбдин кызматкерлери аталган кылмышка шектүү катары 1990-жылы туулган А.С.ны кармашты. Ал буга чейин соттолгондугу белгилүү болду.

Шектүү Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Милиция анын башка кылмыштарга да тиешеси бар-жогун иликтеп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости