www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NASA Айга айыл курууну каалайт

АКШнын улуттук аэронавтика жана космостук башкармалыгы ( NASA) 2035-жылга чейин Айга туруктуу конуш курууну пландоодо. Бул тууралуу NASAнын администратору Шон Даффи Сиднейде өткөн Эл аралык астронавтика конгрессинде билдирди.

Даффинин айтымында, жакынкы он жылдын ичинде NASA Айга станция гана эмес, адамдардын жашоосу үчүн бардык инфраструктурасы бар конуш курууну пландаштырууда.

NASAнын администратору ал жерде адамдардын туруктуу жашоосу үчүн бардык шарттар түзүлөрүн кошумчалады. Ошондой эле жаңы конушту атомдук энергия менен камсыз кылуу, конушка астронавттарды үзгүлтүксүз жайгаштыруу, Айда табылган материалдарды курулушта колдонуу пландаштырылууда.

NASA ошондой эле 2026-жылдын февраль айында "Артемида II" миссиясын ишке киргизүүнү пландаштырып, төрт астронавтты Айга 50 жылдан кийин биринчи жолу сапарга жөнөтөт. Миссия Айга конуу пландаштырылбаса да, космос агенттигинин негизги максаты ал жерде калктуу конуш куруу мүмкүнчүлүгүн талдоо болуп саналат.

Эске салсак, буга чейин SpaceX компаниясынын негиздөөчүсү жана башкы директору Илон Маск эгер оор жүк ташуучу ракеталарда бир нече маанилүү жетишкендиктерге жетишилсе, адамзат 2055-жылга чейин Марста туруктуу жана өзүн-өзү жетиштүү колония түзө аларын айткан.

Кыргызстандан ким NASAга барып жашаганга даяр?

Бунёд Келдибаев, Ташкен

Последние новости