www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мамлекеттер ортосундагы тыгыз экономикалык байланыштардан улам Орусия менен кагылышууну Түркия көтөрө албайт. Бул тууралуу серепчи Харун Карчик National Interest журналына берген интервьюсунда билдирди. Анын айтымында, газдын 45 пайызын, мунайдын 17 пайызын жана буудайдын 70 пайызын Түркия  Орусиядан алып келээрин белгиледи.

Карчик: «Түрк лирасы бир жылдан аз убакытта 47 пайызга арзандап, инфляция акыркы 20 жылдын эң жогорку чегинде турган учурда Түркия негизги өнөктөшүн жогото албайт», - деп түшүндүрдү.

Ал Орусиядан өткөн жылы жалпы саякатчылардын 19 пайызын түзгөн 4,7 миллион зыяратчы турист агымынын түрк экономикасы үчүн маанилүү роль ойногонуна басым жасады.

Анын пикиринде, ушул себептерден улам Анкара Орусия жана Украина менен мамиледе бейтарап позициясын сактайт.

«Түркия, кыязы, прагматикалык тышкы саясат курсун улантат: украиначыл да, орусиячыл да эмес, түркиячыл», - деп жыйынтыктады серепчи.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости