www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аткезчилик жүк менен ташылып бара жаткан энергетикалык ичимдиктер кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 8-майында УКМК Чек ара кызматынын кызматкерлери менен биргеликте Баткен районунун Жаңы-Жер айылынын аймагында (Сох анклавына жакын жерде) “Мерседес Бенц Спринтер” жана “Фольксваген Крафтер” үлгүсүндөгү автоуналардын айдоочулары Б.Н., жана С.М., токтотушкан. Алар жалпы баасы 1 миллион сомдон ашык болгон 6 060 банка энергетикалык суусундуктарды ташып бара жаткандыгы аныкталган.

Бул факты маалыматтарды каттоо журналына катталып, азыркы учурда тергөөгө чейинки текшерүү иштери жүрүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости