www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Саламаттык сактоо министрлиги лицензиялык талаптарга жооп бербеген 111 менчик медициналык мекеме жабылаарын билдирди.
Маалыматка ылайык, министрлик тарабынан түзүлгөн комиссия апрелде 370 менчик медициналык уюмду текшерип чыккан. Текшерүүнүн жыйынтыгында "лицензиясы жок, уруксатсыз ишмердүүлүк жүргүзгөн, даректери лицензия менен дал келбеген фактылар аныкталып", анын негизинде 111 менчик медициналык мекемелердин ишмердигин токтотуу үчүн акт жазылган.
Мындан тышкары инфекциялык көзөмөл стандарттары сакталбаган 148 менчик медициналык кабинеттер менен клиникалар аныкталган. Аларга билдирмелер берилген. Андан кийин мыйзамдык чараларды колдонуп, айып пул салуу үчүн Мамлекеттик эпидемиологиялык көзөмөл борборуна маалыматтар бериле турганы айтылды.
Белгилей кетсек, министрлик Кыргызстандагы медициналык жогорку окуу жайлардын материалдык-техникалык жана клиникалык базасын текшерип, алардын айрымдарынын лицензиясын жокко чыгаруу тууралуу Билим берүү министрлигине сунуш берген.
Эске салсак, буга чейин мекеме 84 дарыкана уруксат документтери жок иштеп жатканы аныкталганын жарыялаган.
Булак: NazarNews.kg