www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Украинанын Орусияны жеңүү мүмкүнчүлүгүнө баа берди. Анын сөздөрүн альянстын тышкы иштер министрлеринин Берлиндеги бейформал жолугушуусунун жыйынтыгы боюнча Лента.ру жазды.
Башкы катчынын айтымында, атайын операция орус тараптын планы боюнча жүрбөй жатат.
«Алар Киевди ала алышкан жок. Алар Харьковдон чегинүүдө жана алардын Донбасстагы негизги чабуулу токтоп калды», - деди ал.
Буга байланыштуу Украина, Столтенбергдин айтымында, «бул согушта жеңе алат». «Украиналыктар өз мекенин кайраттуулук менен коргошот», - деп кошумчалады башкы катчы.
Белгилей кетсек, буга чейин Йенс Столтенберг Украинанын аймагындагы куралдуу кагылышуунун мүмкүн болгон узартылышына даярданууга үндөгөн. Ал Киевге оор куралдарды жеткирүүнү активдештирүүгө, ошондой эле жаңжал башка өлкөлөргө жайылып кетпеши үчүн бардыгын жасоого чакырды.
Эске салсак, Орусия Украинага каршы согушту 24-февралда баштаган. Путин анын максаты «сегиз жылдан бери Киев режиминин басмырлоосуна, геноцидине кабылып келгендерди коргоо» жана бул үчүн «Украинаны демилитаризация жана денацификация» жасап жана Донбасстагы «жай жашоочулардын канына забын болгондорду» аскер сотуна берип, жоопкерчиликке тартуу пландалып жатат, деп айткан.
Орусия - анын куралдуу күчтөрү аскерий соккуларды Украинанын аскердик инфраструктурасы менен күч түзүмдөрүнө уруп жаткандыгын, жай жарандарга багытталбагандыгын билдирет. Орусиянын колдоосу менен ДЭР жана ЛЭР топтору да өз аракеттерин улантууда. Путин - Украинаны оккупациялоо туурасында кеп жок экенин айтат.
Булак: NazarNews.kg