www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түндүк Кореяда коронавирус деп болжолдонуп жаткан оору ишемби күнү 296 миң кишиден аныкталып, 15 бейтап көз жумду. Бул тууралуу жергиликтүү басылмаларга шилтеме кылып РИА Новости жазды.
Буга чейин өлкөдө пандемиядан бери алгачкы жолу коронавирус жуктургандар катталганы айтылган. ЖМКлар апрелдин этегинде адамды калчылдатып, алсыраткан белгисиз илдет тарай баштаганын жазып чыгышкан. Аны айрым басылмалар коронавирус деп беришкен.
Оору жуктургандар жалпы 820 миң болгону, бейтаптардын 496 миңи айыгып, 324 миңи дарыланып жатканы кабарланган. Маалыматта 42 адамдын көз жумганы айтылган. Каза тапкандардын айрымдарынын анализдеринен коронавирустун "омикрон" жана "стелс-омикрон" штаммдары табылган.
Буга чейин аталган мамлекеттин лидери Ким Чен Ын эпидемияга каршы кескин чараларды көрүүнү тапшырган.
Булак: NazarNews.kg