www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

НАТО Европада өзөктүк машыгууларды баштады

НАТОнун 14 өлкө жана 60ка чейин аскерий учактын катышуусунда пландалган "Стойкий полдень" (Steadfast Noon) өзөктүк куралды токтотуу машыгуусу дүйшөмбү күнү башталып, 30-октябрга чейин уланат, деп жазат EurAsia Daily.

Альянстын маалыматына караганда, машыгуулар “Европанын түндүк-батышында” – Бельгиянын жана Британиянын аба мейкиндигинде, ошондой эле Түндүк деңиздин үстүндө өтөт. Машыгууларга согуштук куралдар тартылбайт.

Бельгиянын маалымат каражаттары машыгуулардын борборуна Бельгиянын аба күчтөрүнүн Лимбург провинциясындагы Клайн Брогель базасы айланарын белгилейт. Ядролук куралга каршы бельгиялык коалициянын маалыматы боюнча, ал жерде АКШнын өзөктүк дүрмөттөрү жайгашкан. Расмий бийлик бул маалыматты ырастай элек.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг түшүндүргөндөй, "бул НАТОнун өзөктүк мүмкүнчүлүктөрүн коопсуз жана эффективдүү сакташын камсыздоо максатында жыл сайын пландалган машыгуулар". Ал машыгуулар Украинанын айланасындагы азыркы кризиске байланыштуу эмес экенин баса белгиледи.

Бельгиянын RTBF телеканалы тактагандай, машыгууга катышып жаткан НАТО өлкөлөрүнүн аба күчтөрүнүн учактарынын бири дагы Россиянын аймагына 1000 кмден жакындабайт.

Ошого карабастан, ядролук куралга каршы Бельгиянын коалициясы эл аралык абалдын курчушун эске алып, бийликтерден машыгууларды токтотууну талап кылды. "Орусия менен өзөктүк тирешүү күчөп турган маалда мындай машыгууларды өткөрүү жоопкерчиликсиздик", — деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө.

Ядролук куралга каршы коалиция Бельгиянын аймагындагы мындай машыгуулар, өзгөчө НАТОнун штаб-квартирасы жана Евробиримдиктин негизги институттары Брюсселде жайгашканын эске алганда, өлкөнү өзөктүк жаңжал болгон учурда потенциалдуу бутага айлантат деп эсептейт.

Быйылкы жылдын июнь айында Мадридде болгон саммитте жаңыланган НАТОнун стратегиялык концепциясында НАТОнун лидерлери "ядролук курал бар болгон учурда НАТО өзөктүк союз болуп кала берет" деп дагы бир жолу ырасташты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости