www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

НАТОнун баш катчысы Йенс Стольтенберг, шериктештиктин ДЕАШка каршы эл аралык коалицияга кошулуусуна чечим чыгарылганын, бирок согушчул ролду милдеттенбей турганын айтты.

Йенс Стольтенберг Бельгиянын борбор шаары Брюсселде өткөн НАТОнун мамлекет жана өкмөт башчыларынын жыйналышынан кийин чыгарлыган чечимдер тууралуу маалымат жыйын өткөрдү.

Стольтенберг, террор менен күрөшүү темасында шериктештиктин аракеттеринин арттырылышына карата кыймыл планы боюнча макулдашкандарын айтты.

ДЕАШка каршы коалицияга көрсөтүлгөн колдоонун арттырылышына чечим чыгаргандарын айткан НАТОнун баш катчысы, ушул алкакта эрте эскертүүчү байкоочу учактар менен дагы көп учуулар боло турганын, ушул алкакта дагы көп чалгындоо бөлүшүүсүн кыла тургандарын айтып, мындай деди: «НАТОнун эл аралык коалициянын толук мүчөсү болушуна чечим чыгардык. Коалицияда болуу, НАТОнун согушчул роль ала турганы түшүнгүн бербейт, бирок биздин глобалдык террор менен күрөшүүгө карата убадабыз боюнча күчтүү билдирүү жөнөтүүдө. Ошол эле учурда НАТОнун машыктыруу жана камсыздоону куруу менен катар саясий баа берүүлөрдө роль алышын камсыздайт».

Баш катчы, НАТОнун Ирактын коопсуздук күчтөрүн машыктыруулары улана турганын да белгидеи. Ооганстандагы машыктыруу милдетинин да уланышына чечим чыгарылганын белгилеген Стольтенберг, айрым шериктештик мүчөлөрүнүн бул миссия үчүн аскер жиберүү убадасын кылышына ыраазы болгонун айтты.

Шериктеш өлкөлөрдүн коргонууга инвестиция салуулары жана шериктештиктин жалпысында дагы адилеттүү жүк бөлүшүүнү камсыздоону улантуулары керектигин белгилеген Йенс Стольтенберг, шериктештердин коргонууга дагы көп инвестиция сала тургандары жөнүндө убадаларынын кандай орундатыла турганын белгилеген жылдык пландарды өнүктүрүү боюнча макулдашкандарын жарыялады.

Йенс Стольтенберг: «Шериктештер, өлкө ичи дүң продукциянын 2 пайызын коргонууга каржылоо убадасын орундатуу ниетинде. Бул каржылоолордун 20 пайызы чоң көлөмдөгү аскердик шаймандарды алууга жумшалышы зарыл»,-деп айтты.

НАТО-Орусия алакаларынын да лидерлердин күн тартибине келгенин айткан Йенс Стольтенберг: «Шериктештер, кагылышуу чыгарыш үчүн эмес, кагылшууга бөгөт болуш үчүн жана тынчтыкты коргош үчүн күчтүү түрдө бирге турушууда. Ошол эле учурда ачыктыкты арттыруу жана рисктерди азайтуу үчүн Орусия менен диалогго ачык болууну улантабыз»,-деп айтты.

Черногориянын бир канча жуманын ичинде 29-мүчө катары шериктештикке кошула турганын маалымдаган  Стольтенберг, мындан кийинки НАТО Самитинин алдыбыздагы жылда боло турганын айтты.

Йенс Стольтенберг, саммиттин кайсы өлкөдө боло турганын айткан жок.

Булак: "trt.net.tr"

Последние новости