www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте АКШнын Гренландияга болгон дооматтары боюнча комментарий берүү “такыр мүмкүн эмес” экенин билдирген. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Ал мындай пикирин Давостогу Дүйнөлүк экономикалык форумда Европанын коопсуздугу боюнча панелдик талкуу учурунда “АКШнын Гренландияга аскердик кийлигишүүсүн реалдуу мүмкүнчүлүк деп эсептейби же жокпу?” деген суроого жооп берүүдөн баш тартып жатып айткан.
“Менден мурункулар да ар дайым мындай маселелер боюнча ачык комментарий бербөөнү чечишкен. Бул мүмкүн эмес”,- деген Рютте.
Гренландия Дания Королдугунун бир бөлүгү. Бирок АКШнын президенти Дональд Трамп арал Америка Кошмо Штаттарынын бир бөлүгү болушу керек деп бир нече жолу билдирген.