www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орун алмашуудан сумма өзгөрбөйт

Президент Садыр Жапаровдун 21-январдагы жарлыктары менен Кыргызстандын дипломатиялык корпусунда орун алмашуу болуп, Айбек Артыкбаев Монголиядагы элчи кызматынан бошотулуп, анын ордуна АКШдагы элчи Айбек Молдогазиев дайындалды. Ал эми Артыкбаев АКШга элчи болуп баратат.

Мындан улам суроо жаралат, орун алмашуудан сумма өзгөрөбү? Дегенибиз, Айбек Молдогазиев АКШдагы элчи болуп турган бир жылдан ашык убакытта Кыргызстандын кызыкчылыгы корголбой калган. Бул аралыкта АКШнын визалык саясаты кескин катаалдашып, мурда берилген 10 жылдык визалар 1–3 айга чейин кыскарды. Айрым кыргызстандык банктар менен компаниялар санкцияга кабылып, Кыргызстан “коркунучтуу миграциялык өлкөлөрдүн” тизмесине кошулду. Визалык чектөөлөр коюлуп 5-10 миң долларлык кепилдик талап кылынып калды. 

Анан ушул мажүрө Молдогазиев Монголияга барганда бир нерсе кыйратабы?

Айталы, АКШга которулган Артыкбаев деле жыргатып жиберген эмес. Андыктан эгер мазмун өзгөрбөсө, кадрдык рокировка эл аралык абройду сактап калууга жетишсиз экени сокурга деле көрүнүп турат. Же бул жагдай кадрдан такыр куружалак калган тас кейпибизди чагылдырабы?

Последние новости