www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Камактагы орус оппозициясынын лидери Алексей Навальный өзүнө ыйгарылган Сахаров сыйлыгын "дүйнө жүзүндөгү коррупция менен күрөшүүчүлөргө" арнай турганын соцтармактагы баракчасына жазды.
Ал "журналисттерден тартып, адвокаттарга чейин, чиновниктерден депутаттарга чейин, ким коррупция менен күрөштү колдоо үчүн көчөгө чыкса - баарына туруктуулукту, кооптуу болгон учурда эрктүүлүктү каалайм" деп жазды.
Европарламент Сахаров атындагы сыйлыкты Алексей Навальныйга 20-октябрда ыйгарган. Кремль көп өтпөй Европарламенттин бул чечимин сыйлабай турганын билдирди. Президент Владимир Путиндин маалымат катчысы Дмитрий Песков 21-октябрда: "Европарламенттин чечимдерин сыйлоого эч ким мажбурлай албайт", - деп билдирди.
Навальный жыл башында Германиядан дарылануудан келээри менен камалган. Ал Кремлдин көрсөтмөсү менен ууландырылганын айтып келет. Москва бул дооматты четке кагат. Евробиримдик Навальныйдын камалышына жана ууландырылышына байланыштуу орус аткаминерлерине санкция салган.
Кырк беш жаштагы Навальный мурда козголгон иш боюнча 2,5 жылга кесилген. Ал бул иштин саясий мүдөөсү бар экенин айтып келет.
Советтик физик, диссидент Андрей Сахаров атындагы сыйлыкка татыгандардын арасында Түштүк Африка республикасынын мурдагы президенти Нельсон Мандела жана кыздардын билим алуусу үчүн күрөшүп келген ооганстандык Малала Юсуфзай дагы бар.
Булак: NazarNews.kg